Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-марты № 56
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 55 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө" жобого, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык түзүлсүн (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Шайымкулова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 56 токтомунун тиркемеси |
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамы:
(Жалал-Абад ш., Ж.Бакиева к., 3)
№ | Талапкерлердин аты жөнү | Ким тарабынан сунушталды |
1 | Кыралиева Гулнара Батырбековна | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
2 | Маматова Алтынай Амиралиевна | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
3 | Мамытов Туратбек | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
4 | Темиров Талантбек Сапарбекович | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
5 | Торомаматова Сайрагул Абазбековна | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
6 | Шерматов Кубаныч Абдыжапарович | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
7 | Асанова Карачач | "Акшумкар" саясий партиясынан |
8 | Нургалиева Бактыкан Иманбаевна | "Туран" саясий партиясынан |
9 | Мамырасулова Арал Доолотбаевна | "Бир-Бол" саясий партиясынан |
10 | Матразакова Толгон Узбекбаевна | "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан |
11 | Торокулов Элдяр Шаршенович | "Кыргызстан - Демократиялык кыймылы партиясы" саясий партиясынан |
12 | Чатаев Ашим Нишанбаевич | "Кыргызстандын Элдик-Демократиялык партиясы" саясий партиясынан |