Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 12-февралындагы № 42-б Буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 4-ноябры № 626-б
Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) 2009-жылдын 5-7-ноябрында болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча кыргыз-санкт-петербург өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын үчүнчү жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
Аттакуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;
Рыскулуева Фарида Имашевна - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин инновациялык технологиялар бөлүмүнүн начальниги;
Бейшенов Муктар - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин жардамчысы;
Кадырбаева Светлана Асангазиевна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин тышкы-экономикалык саясат башкармалыгынын региондук кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчысы.
2. Делегациянын аталган иш-чарага катышуусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов |