Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 12-февралы № 42-б
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз - санкт-петербург биргелешкен комиссиянын үчүнчү жыйынына ишине катышуу максатында:
1. Делегациянын кыргыз бөлүгү төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, өкмөттөр аралык комиссиянын төрагасы; |
Мамбетов Марат Авалович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Аттокуров Раимкул Арзиматович | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси; |
Касеинов Кубат Усенкулович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; |
Рыскулуева Фарида Имашевна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин инновациялык жана маалыматтык технология бөлүмүнүн башчысы; |
Турдалы уулу Жаныбек | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кеңешчиси; |
Кадырбаева Светлана Асангазиевна | - | Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин интеграциялык уюмдар башкармалыгынын интеграциялык уюмдар бөлүмүнүн башкы адиси, комиссиянын катчысы. |
2. Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз жак бөлүгүнүн төрагасына белгиленген тартипте республиканын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилерин жана адистерин алардын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ишке тартуу укугу берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-январындагы № 626-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Делегациянын мүчөлөрүнүн Өкмөттөр аралык кыргыз - санкт-петербург комиссиясынын үчүнчү жыйынына катышуу боюнча делегация мүчөлөрүнүн баруусу менен байланышкан чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| А.Жапаров |