Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 5-ноябры № 632-б
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына киргизилген Бишкек шаары, Керамическая көч., 5 дареги боюнча жайгашкан керамикалык цехти сатуунун жыйынтыгы боюнча, ошондой эле академик Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
- академик Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясына спорт залды долбоорлоо жана куруу үчүн керамикалык цехти сатуудан Кыргыз Республикасынын бюджетине түшкөн каражаттардын чектеринде акча каражат бөлүп берсин;
- керамикалык цехти сатуудан түшкөн жана академик Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясына бөлүп берилген каражаттарды "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда эске алсын.
2. Академик Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясы керамикалык цехти сатуудан келип түшкөн каражаттардын эсебинен спорт залды долбоорлоону жана курууну белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим
Премьер-министр | Д. Үсөнов |