Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 12-ноябры № 640-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 183 Жарлыгы менен бекитилген 2009-2011-жылдарга Өлкөнүн өнүгүшүнүн стратегиясын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасында кен казуу тармактарындагы иштин ачыктыгын жогорулатуу демилгесинин (мындан ары - Демилге) чегинде Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине Кыргыз Республикасында Демилгени ишке киргизүү прогрессин баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан 1320,0 (бир миллион үч жүз жыйырма миң) сом бөлсүн;
- "2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги:
- Кыргыз Республикасында Демилгени ишке киргизүү прогрессин баалоо үчүн көз карандысыз эл аралык баалоочуну тандап алуу боюнча белгиленген тартипте тендер өткөрсүн;
- тендердик комиссиянын курамына Демилгени ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин өкүлдөрүн киргизсин.
3. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилери региондордо Демилге маселелерин чагылдырууга активдүү катышсын жана аларды ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|