Загрузка документа…
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 31-марты ПЖ № 183
2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө
Социалдык-экономикалык маселелерди комплекстүү чечүүнү камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргызстанды Стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш тарабынан жактырылган 2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясынын өзгөчө маанисин эске алуу менен токтом кылам:
1. 2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүүнүн тиркелген Стратегиясы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын борбордук органдары жеке сектордун, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда 2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына 2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчет берип турсун.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-майындагы № 249 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 7-майындагы № 158 Жарлыгынын 3-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-майындагы "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 8-октябрындагы № 359 Жарлыгы.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет..
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |