РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрели № 139-б (Султанов А.А. боюнча) буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 1-апрели № 139-б

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 17-февралындагы № 109 "Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 21-октябрындагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттук кеңеши жөнүндө жобонун 4, 11 жана 12-пункттарына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Султанов Алимбай Алимбековичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттук кеңешиндеги өкүлү катары жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-ноябрындагы № 506-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов