Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 1-апрели № 140-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын абаттоо боюнча маселелерди чечүү максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркелген курамга ылайык түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын абаттоого байланыштуу маселелерди чечүү жөнүндө тийиштүү сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тийиштүү адистерин белгиленген тартипте өз ишине тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу, методикалык жактан жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 140-б буйругуна тиркеме |
Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Маматалиев А.М. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Келдибаев Ж.Ж. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Ходжаев Д.Б. - Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Ташов А.М. - Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Шайназаров К.Т. - Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Бекбоев Т.Б. - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Шаболотов Т.Т. - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Сагындыков Т.С. - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Рыскулов У.М. - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Кулуев А.Р. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Осмонов А.А. - Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Артыков Ш.Ж. - Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Чойбеков Ш.Ч. - Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Керимбеков М.З. - Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Алышбаев К.К. - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Керимкулов С.К. - Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Бакашов М.А. - Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Мааткабылов К.А. - Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Айдаралиев С.С. - Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Эшалиев С.А. - Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Осмоналиев А.Д. - Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Жыбыкеев К.О. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Байтиков Б.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Укуктук экспертиза башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Бекжанов Э.А. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Чек аралык контроль башкы башкармалыгынын чек аралык контролду пландоо жана уюштуруу бөлүмүнүн начальниги;
Кеңешов Т.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин курулуш көзөмөлү бөлүмүнүн начальниги;
Парпиев А.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер жайгаштыруу жана жер кадастры боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Парамонов Н.М. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын мониторингдөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (макулдашуу боюнча);
Алышбаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы контролун уюштуруу башкармалыгынын башкы инспектору.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси-министр Н.Айтмурзаев