Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 1-апрели № 141-б
Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) 2009-жылдын 22-23-апрелинде болуучу атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын алтынчы заседаниесине катышуу үчүн:
1. Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Турдумамбетов Турсун Осмоналиевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы,
Тургунбаева Асел Абдыракмановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы,
Асанова Гүлбарчын Пармановна - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары,
Абдыбалы тегин Сүйөркул -Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча),
Апасова Римма Тунгучбаевна - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын тышкы-экономикалык байланыштар бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча),
Азаров Александр Петрович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин инвестициялык жана тышкы экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги,
Асанов Салмоор Жусупович - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин финансы-экономикалык талдоо жана ички аудит бөлүмүнүн начальниги,
Абылкасымова Назира Акылбековна - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөрү департаментинин атташеси,
Борбиева Самаргүл Эркиновна - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөрү департаментинин директору,
Жаманкулов Анаркан Самарович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маалыматтык камсыздоо жана мамлекеттик реестрлер башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча),
Дүйшеев Талайбек Самтыевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институтунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча),
Жолдошбай уулу Бакыт - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары,
Кадыров Радмил Жаныбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн референти,
Кулубаев Жээнбек Молдоканович - Кыргыз Республикасынын Малайзия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси,
Каратаев Мадамин Мусаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары,
Курманбеков Темирбек Барыктабасович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын начальниги,
Касыкенов Жаныбек Касыкенович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары,
Кубаев Борис Хамидович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары,
Миңбаева Жамал Жуматаевна - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары,
Орозалиев Руслан Султанович - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы,
Примов Алмазбек Абдыакимович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекетгик комитетинин төрагасынын орун басары,
Садыков Адыл Алыбекович - Кыргызстандын Ишкерлер союзунун аткаруучу директорунун орун басары (макулдашуу боюнча),
Чолпонкулов Таалайбек Аскарбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы,
Черный Илья Анатольевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчиси,
Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча).
2. Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгү өз ишинде «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобону жетекчиликке алаары белгиленсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |