Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 9-апрели № 153-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 3-июлундагы № 360-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Жарандардын улуттук таандыктыгын эркин аныктоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумуш топ түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө жарандардын улуттук таандыктыгын эркин аныктоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте нормативдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко уюштуруу, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл учурда белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин ишке тартууга уруксат берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-апрелиндеги № 153-б буйругуна тиркеме |
Жарандардын улуттук таандыктыгын эркин аныктоо
маселелерине карата сунуштарды иштеп чыгуу
боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 3-июлундагы № 360-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Молдошева Д.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Этика жана регламент боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Акмашаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук-визалык контроль башкармалыгынын жарандык боюнча улук инспектору;
Алыбаева М.А. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жарандык абалдын актылары бөлүмүнүн башчысы;
Бараканова С.Н. - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Миграциялык фонддун директору;
Иманалиева Т.К. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Укуктук экспертизалар башкармалыгынын башкы адиси, ведомстволор аралык жумушчу топтун катчысы;
Летова И.В. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Мамасалиев А.Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Насиров К.Т. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Насиров Э.К. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин консулдук-укуктук бөлүмүнүн башчысы;
Новиков Б.Б. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү;
Эсенбаев Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргонуу, коопсуздук, укуктук тартип жана соттук-укуктук реформа боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
Апышева С.Д. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары комитетинин бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
Пак С.Н. - Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жооптуу катчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев