Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-апрели № 162-б
Эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-казакстан өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын жетинчи отурумунун протоколун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын түндүк райондорун жана Казакстан Республикасынын түштүк регионун газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн:
1. "Интергаз Борбордук Азия" ачык акционердик коомунун жана "КырКазГаз" жоопкерчилиги чектелген коомунун авариялык бригадаларынын "Бухара газ району-Ташкент-Бишкек-Алматы" магистралдык газ түтүгүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан объекттеринде мүмкүн болуучу аварияларды жоюу боюнча тиркелген иш-чаралары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги ушул буйрук тууралуу казакстан тарапка билдирсин.
3. Бул буйрук казакстан тарап ушул буйруктун 1-пунктунда аталган иш-чараларды бекиткен күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 162-б буйругу менен бекитилген |
┌───┬──────────────────────┬──────────────────────────────────────────┐
│ № │ Уюм │ Иш-чараларды макулдашуу │
│ │ │ жана камсыздоо │
├───┼──────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│ │Казакстан Республикасы│ │
├───┼──────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│1 │Казакстан │Казакстан Республикасынын Түштүк-Казакстан│
│ │Республикасынын Ички │аймагы, Жамбыл, Алматы облустары боюнча │
│ │иштер министрлиги │зарыл шайман жана материалдар менен │
│ │ │жабдылган атайын авариялык техниканы жана │
│ │ │персоналды тоскоолдуксуз өткөрүү, │
│ │ │техниканын жана кызматтык жеңил │
│ │ │автотранспорттун Казакстан Республикасынын│
│ │ │аймагында жүрүшүн коштоо │
├───┼──────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│2 │Казакстан │Казакстан Республикасынын бажы посттору │
│ │Республикасынын │аркылуу зарыл шайман жана материалдар │
│ │Финансы министрлигинин│менен жабдылган атайын авариялык техниканы│
│ │Бажылык контролдоо │жана персоналды тоскоолдуксуз өткөрүү │
│ │комитети │ │
├───┼──────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│3 │Казакстан │Казакстан Республикасынын чек ара посттору│
│ │Республикасынын │аркылуу зарыл шайман жана материалдар │
│ │Улуттук коопсуздук │менен жабдылган атайын авариялык техниканы│
│ │комитетинин чек ара │жана персоналды тоскоолдуксуз өткөрүү │
│ │кызматы │ │
├───┼──────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│4 │Алматы шаарынын │Магистралдык газ түтүгүндө авария болгон │
│ │акиматы │учурда газ менен камсыз кылуу объекттерин │
│ │ │резервдик отунга өз учурунда өткөрүү │
├───┼──────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│5 │Жамбыл облусунун │Магистралдык газ түтүгүндө авария болгон │
│ │акиматы │учурда газ менен камсыз кылуу объекттерин │
│ │ │резервдик отунга өз учурунда өткөрүү │
├───┼──────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│6 │Алматы жана Түштүк-Ка-│Магистралдык газ түтүгүндө авария болгон │
│ │закстан облустарынын │учурда газ менен камсыз кылуу объекттерин │
│ │акиматтары │резервдик отунга өз учурунда өткөрүү │
├───┼──────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│7 │Казакстан │Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана │
│ │Республикасынын Өзгөчө│кесепетин жоюу боюнча зарыл чараларды │
│ │кырдаалдар боюнча │көрүү, магистралдык газ түтүгүндө өзгөчө │
│ │агенттиги │кырдаалдардын пайда болушу жөнүндө өз ара │
│ │ │кабарлоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын │
│ │ │алууда жана кесепетин жоюуда мамлекеттик │
│ │ │органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│ │ │органдары жана уюмдар менен өз ара │
│ │ │аракеттенүү │
├───┼──────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│ │Кыргыз Республикасы │ │
├───┼──────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│8 │Кыргыз Республикасынын│Ири көлөмдөгү авария, өзгөчө кырдаалдар │
│ │Ички иштер министрлиги│пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын│
│ │ │түндүк райондорунун аймагы боюнча зарыл │
│ │ │шайман жана материалдар менен жабдылган │
│ │ │атайын авариялык техниканын, персоналдын │
│ │ │жана кызматтык жеңил автотранспорттун │
│ │ │тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздоо │
├───┼──────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│9 │Кыргыз Республикасынын│Кыргыз Республикасынын бажы посттору │
│ │Мамлекеттик бажы │аркылуу зарыл шайман жана материалдар │
│ │комитети │менен жабдылган атайын авариялык техниканы│
│ │ │жана персоналды тоскоолдуксуз өткөрүү │
├───┼──────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│10 │Кыргыз Республикасынын│Кыргыз Республикасынын чек ара посттору │
│ │Чек ара кызматы │аркылуу зарыл шайман жана материалдар │
│ │ │менен жабдылган атайын авариялык техниканы│
│ │ │жана персоналды тоскоолдуксуз өткөрүү │
├───┼──────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│11 │Жергиликтүү │Магистралдык газ түтүгүндө авария болгон │
│ │мамлекеттик │учурда газ менен камсыз кылуу объекттерин │
│ │администрациялар, │резервдик отунга өз учурунда өткөрүү │
│ │Бишкек шаарынын │ │
│ │мэриясы │ │
├───┼──────────────────────┼──────────────────────────────────────────┤
│12 │Кыргыз Республикасынын│Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана │
│ │Өзгөчө кырдаалдар │кесепетин жоюу боюнча зарыл чараларды │
│ │министрлиги │көрүү, магистралдык газ түтүгүндө өзгөчө │
│ │ │кырдаалдардын пайда болушу жөнүндө өз ара │
│ │ │кабарлоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын │
│ │ │алууда жана кесепетин жоюуда мамлекеттик │
│ │ │органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│ │ │органдары жана уюмдар менен өз ара │
│ │ │аракеттенүү │
└───┴──────────────────────┴──────────────────────────────────────────┘