Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 16-апрели № 165-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө» токтомуна ылайык жана Атайын кыргыз-малайзиялык биргелешкен комиссиясынын 6-заседаниесин өткөрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарынан 689 536 (алты жүз сексен тогуз миң беш жүз отуз алты) сом суммасындагы акча каражатын пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |