Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2010-жылдын 13-октябрындагы № 136-р буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 27-апрели № 184-б

(КР Өкмөтүнүн

2009-жылдын 11-ноябрындагы № 638-б буйругунун

редакциясына ылайык)

 

Түркмөнстан Республикасынын Ашгабад шаарында 1999-жылдын 9-апрелинде Борбордук Азиянын мамлекет башчылары бекиткен Аралды сактоо эл аралык фонду жөнүндө жобого ылайык:

1. Аралды сактоо эл аралык фондунун (АСЭФ) аткаруу органдарынын курамдарына Кыргыз Республикасынан төмөнкүлөр жиберилсин:

- АСЭФ башкармасы - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

- АСЭФтин ревизиялык комиссиясына - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-ноябрындагы № 638-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. АСЭФтин аткаруу органдарынын курамдарынан Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 357-б буйругу менен жиберилген төмөнкүлөр чыгарылсын:

- АСЭФтин башкармасынан - Мамбетов Базарбай Эстебесович;

- АСЭФтин ревизиялык комиссиясынан - Молдокулов Сабырбек Айдарканович.

 

Премьер-министр

 

 И.Чудинов