Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 27-майындагы № 243-р буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-апрели № 193-б
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 2-февралындагы № 87 "Аалам Ордо" маданий-этнографиялык борборунда Ч.Т.Айтматов жылынын жыйынтыгын чыгаруу боюнча салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана республиканын региондорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен улуттун биримдиги жана жалпы элдик ынтымагы боюнча элдик курултай өткөрүү максатында:
1. Ысык-Көлдүн кылаасындагы "Аалам Ордо" маданий-этнографиялык борборунун жанына бийиктиги 45 метр туу сайгычты жана 150 чарчы метр (15х10 м) өлчөмдөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусун даярдоо, жеткирүү жана орнотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү уруксаты бар юридикалык жактар менен туу сайгычты жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун даярдоо, жеткирүү жана орнотуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну камсыз кылсын;
- Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте 2009-жылдын 10-майына чейин Ысык-Көлдүн кылаасындагы "Аалам Ордо" маданий-этнографиялык борборунун жанына туу сайгычты жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун орнотууну камсыз кылсын жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүп берсин;
- 2009-жылдын 10-майына чейин аталган мамлекеттик символду андан ары кармоо жана тейлөө боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |