Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-майы № 243-б
1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын В.И. Ленин атындагы аянтына бийиктиги 45 метр туу сайгычты жана 150 чарчы метр (15 х 10 м) өлчөмдөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун даярдоо, жеткирүү жана орнотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Ош шаардык мэриясына 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом бөлүнсүн.
2. Ош шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү уруксаты бар юридикалык жактар менен туу сайгычты жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун даярдоо, жеткирүү жана орнотуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну камсыз кылсын;
- 2009-жылдын 30-майына чейин Ош шаарынын В.И. Ленин атындагы аянтына туу сайгычты жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун орнотууну камсыз кылсын жана белгиленген тартипте өзүнүн балансына өткөрүп алсын;
- бул буйрукту аткаруу менен байланышкан башка чыгымдар Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 193-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |