Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-майы № 211-б
Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу маселелерин жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны андан ары өркүндөтүү жана кошумча наркка салыктарды эсептөө менен байланышкан маселелерди чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 5996178,0 сом суммасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигине бөлүп берсин (2008-жылы 240000 буклет "санында паспорт бланкаларын жана 240 000 МLIS (ТМ) атайын коргоочу катмарлуу пленканы алып келүүдө КНСтин ордун толтуруу үчүн).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган акча каражаттарын 2009-жылдын аягына чейин кайтарып берсин;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун жана МLIS (ТМ) пленкаларын даярдоого жана бланктарды берүүгө, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун персонификациялоого Контрактты каржылоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги менен "Интел-Линкс" ЖЧКнын ортосундагы Келишимдин шарттарын кайра кароо мүмкүнчүлүгү жөнүндө "Интел-Линкс" ЖЧК менен Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун персонификациялоону каржылоо боюнча милдеттенмелерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин кабыл алуусу жагында сүйлөшүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- даярдоо жана паспортторду персонификациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын "De La Rue International" компаниясынын жана "Интел-Линкс" ЖЧКнын алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которуу аркылуу төлөөнү камсыздасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-майы № 211-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 11-августундагы № 435-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу маселелерин жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны андан ары өркүндөтүү жана кошумча наркка салыктарды эсептөө менен байланышкан маселелерди чечүү максатында:
1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-августундагы № 435-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)