КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-майы № 211-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 11-августундагы № 435-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу маселелерин жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны андан ары өркүндөтүү жана кошумча наркка салыктарды эсептөө менен байланышкан маселелерди чечүү максатында:
1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-августундагы № 435-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган акча каражаттарын 2009-жылдын аягына чейин кайтарып берсин;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун жана МLIS (ТМ) пленкаларын даярдоого жана бланктарды берүүгө, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун персонификациялоого Контрактты каржылоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги менен "Интел-Линкс" ЖЧКнын ортосундагы Келишимдин шарттарын кайра кароо мүмкүнчүлүгү жөнүндө "Интел-Линкс" ЖЧК менен Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун персонификациялоону каржылоо боюнча милдеттенмелерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин кабыл алуусу жагында сүйлөшүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- даярдоо жана паспортторду персонификациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын "De La Rue International" компаниясынын жана "Интел-Линкс" ЖЧКнын алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которуу аркылуу төлөөнү камсыздасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |