Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 20-майы № 231-б
Принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен Кыргыз-казакстан Өкмөттөр аралык кеңеши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз-казакстан Өкмөттөр аралык кеңешин чечиминин тиркелген долбоору жактырылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
2009-жылдын "____"____________ ___________ шаары
Астана шаарында 2008-жылдын 17-апрелинде кол коюлган, Кыргыз-казакстан Өкмөттөр аралык кеңешин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун негизинде Кыргыз-казакстан Өкмөттөр аралык кеңеши төмөнкүнү чечти:
Кыргыз-казакстан Өкмөттөр аралык кеңеши жөнүндө жобо бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Долбоор
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз-казакстан Өкмөттөр аралык кеңеши Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын (мындан ары - Тараптар) ортосунда соода-экономикалык, өнөр жай, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө көмөктөшүү үчүн түзүлгөн.
Анын ишинин мазмуну, түзүүнү жана иштөөнү уюштуруу принциптери бирдей жана ушул Жобого ылайык болушу керек.
2. Тараптардын Тышкы иштер министрликтери Кыргыз-казакстан Өкмөттөр аралык кеңешинин (мындан ары - Кеңеш) биргелешкен заседаниелерин даярдоодо жана өткөрүүдө Кеңештин заседаниесин өткөрүү күнү, убактысы жана өткөрүү жери менен байланышкан маселелерди иштеп чыгууда саясий-дипломатиялык көмөк көрсөтүшөт.
3. Кеңештин Секретариатынын функцияларын төмөнкүлөр аткарышат:
- Кыргыз Республикасынын атынан - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги;
- Казакстан Республикасынын атынан - Казакстан Республикасынын Энергетика жана минералдык ресурстар министрлиги.
II. Кеңештин негизги максаттары жана милдеттери
4. Кеңештин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Тараптардын социалдык-экономикалык өнүгүүлөрүнүн артыкчылыктуу милдеттерине жараша Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда соода-экономикалык, өнөр жайлык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда натыйжалуу кызматташууну, анын ичинде артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана өз ара пайдалуу кызматташуунун формасын өркүндөтүү жолу менен жогорулатуу.
5. Аталган максаттарга жетиш үчүн Кеңеш өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде:
- экономика, өнөр жай, энергетика, курулуш, миграция, илим жана технология, байланыш, транспорт (аба жол, темир жол жана автомобилдик транспортту кошкондо), ошондой эле маалымат, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, спорт, маданият жана искусство жана башка тармактарда өз ара кызыгууларды пайда кылуучу маселелерди изилдейт;
- кызматташууну кеңейтүү боюнча сунуштарды киргизет жана аталган тармактарда кызматташуунун өз ара пайдалуу жана натыйжалуу формаларын сунуштайт;
- Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда кызматташуунун артыкчылыктуу маселелери боюнча сунуштарды даярдоону уюштурат;
- Кеңештин биргелешкен заседаниелерине кабыл алынган чечимдерди даярдоо жана ишке ашыруу менен байланышкан маселелер боюнча контроль жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда кызматташууну активдештирүү боюнча сунуштарды киргизет;
- Тараптардын эл аралык келишими боюнча Тараптар алган милдеттерди аткарууну камсыздоо максатында Тараптардын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды, рекомендацияларды иштеп чыгат;
- Тараптардын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташууга тиешелүү башка маселелерди карайт;
- Кеңештин тиешелүү чечимдеринде каралган башка милдеттерди аткарат.
III. Кеңештин ыйгарым укуктары
6. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- зарыл болгон маалыматты Кеңеш компетенттүү аткаруу органдарынан белгиленген тартипте суроого;
- түрдүү конкреттүү маселелерди жана кызматташуунун долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн ишкердик чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн жана башка адамдарды Кеңештин заседаниелерине катышууга тартууга;
- зарыл болгон учурларда туруктуу жана убактылуу негизде жумушчу топторду түзүүгө, алардын курамын, функцияларын жана компетенцияларын аныктоого;
- Кеңештин кароосуна коюлган маселелер боюнча чечим кабыл алууга.
IV. Кеңештин ишин уюштуруу
7. Кеңешти эки мамлекеттин өкмөт башчылары жетектейт. Кеңештин заседаниеси эреже катары бир жылда бир жолу кезеги менен Кыргыз Республикасында жана Казакстан Республикасында өткөрүлөт.
Кийинкиге калтырылгыс маселелерди чечүү үчүн каалаган Тараптын демилгеси боюнча Кеңештин кезексиз заседаниеси чакырылышы мүмкүн.
Кеңештин заседаниелеринде төрага болуп кезектеги жолугушуу өтүп жаткан аймактагы мамлекеттин өкмөт башчысы эсептелет, эгерде өкмөт башчылары башка чечим кабыл алышпаса.
8. Кеңештин төрагасы:
- Кеңештин заседаниесинин ишин алып барат, заседаниенин ачылышы жана жабылышы жөнүндө жарыялайт;
- Кеңештин кезектеги заседаниесин даярдоо жана өткөрүү маселелерин координациялайт жана контролдойт жана Кеңештин заседаниесин өткөрүү боюнча уюштуруу иш-чараларын жүргүзөт;
- Кеңештин заседаниесинин жыйынтыктоочу Протоколуна кол коет.
9. Кеңештин Секретариаты:
- Кеңештин кезектеги заседаниесин өткөрүү мөөнөтү жана орду жөнүндө сунуштарды Кеңештин төрагасы жана Тараптардын Тышкы иштер министрликтери менен макулдашуу боюнча даярдайт;
- Кеңештин кезектеги заседаниесине маселелерди Тараптардын аткаруу бийлигинин компетенттүү органдары менен иштеп чыгат жана күн тартибинин долбоорлорун жана Кеңештин кезектеги заседаниесинин протоколун даярдайт;
- кезектеги отчеттук мезгилде Кеңештин чечимдерин ишке ашыруу жыйынтыктары жөнүндө Тараптар Өкмөткө маалымдайт.
10. Кеңештин заседаниелеринде милдеттүү түрдө Тараптардын экономика, соода, энергетика, айыл чарба, өнөр жай жана финансы тармактарындагы компетенттүү министрликтеринин жетекчилери катышууга тийиш.
11. Тараптар Кеңештин заседаниелеринде катышууга байланышкан чыгымдарды өздөрү тартышат.
12. Кабыл алуучу Тарап Кеңештин заседаниесин өткөрүү үчүн зарыл болгон уюштуруучу, маалыматтык, материалдык-техникалык шарттарды түзөт.