Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-майы № 242-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн жана Бишкек шаарында Россия илим жана маданият борборун уюштуруу жана алардын ишмердигинин шарттары жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы № 241-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө 1992-жылдын 10-июнундагы келишимдин, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө 2000-жылдын 27-июлундагы декларациянын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият, илим жана билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө 1995-жылдын 27-мартындагы макулдашуунун негизинде эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана маалыматтык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө аракеттенишип, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Кыргыз тарап Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн (мындан ары - КИМҮ) уюштурат жана Россия тарап Бишкек шаарында Россия илим жана маданият борборун (мындан ары - РИМБ) уюштурат, алар мындан ары "Мекемелер" деп аталат.
Тараптар өз ара келишимдин негизинде эки мамлекеттин башка шаарларында Мекемелердин филиалдарын ача алышат.
Мекемелердин жана алардын филиалдарынын ишмердиги ушул Макулдашуунун жоболорунун негизинде жана барган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2-берене.
КИМҮ жана анын филиалдары өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынын жетекчилиги алдында жүргүзөт.
РИМБ жана анын филиалдары өз ишмердигин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы дипломаттык өкүлчүлүгүнүн башчысынын жалпы жетекчилиги алдында жүргүзөт. РИМБдин ишмердиги Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин иштери боюнча жана эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттик тарабынан камсыз кылынат.
3-берене.
Мекемелер өз ишмердигин жүргүзүүнүн алкагында министрликтер, мамлекеттик башка мекемелер жана уюмдар, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, расмий түрдө катталган коомдор жана ассоциациялар, фонддор, ошондой эле барган мамлекеттин айрым жарандары менен түз байланыш түзө алышат.
4-берене.
Мекемелердин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана маалымат жаатындагы эки тараптуу кызматташуу программаларын ишке ашырууга көмөктөшүү;
- барган мамлекеттин коомчулугун өз мамлекетинин ички жана тышкы саясаты, коомдук турмушундагы болуп жаткан окуялар, анын тарыхы жана маданияты менен тааныштыруу;
- эки мамлекеттин ишкерлер чөйрөсүнүн, чыгармачылык, маданий-агартуучу, илимий, билим берүү уюмдарынын жана мекемелеринин ортосунда байланыштарды түзүүгө жана кызматташтыгын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- эки мамлекеттин элдеринин тилин жана маданиятын окуп-үйрөнүүгө көмөктөшүү;
- өздөрүнүн маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүн эки мамлекеттин соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү кызыкчылыгында пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын региондорунун жана шаарларынын ортосунда түздөн-түз өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- чет өлкөдөгү мекендештердин социалдык-маданий, билим берүү жана башка мыйзам укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, алардын биригишине көмөктөшүү, эне-тилин, улуттук маданий өзгөчөлүктөрүн сактоо, Тараптардын мамлекеттеринин уюмдарынын чет өлкөдөгү мекендештери жана алардын бирикмелери менен болгон байланыштарын өнүктүрүү максатында аларды колдоого багытталган өз мамлекетинин саясатын жүзөгө ашырууга катышуу.
5-берене.
Мекемелер өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- Тараптардын коомдук-саясий, экономикалык, илимий-техникалык жана маданий өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтык-маалымдама фонддорду жана маалыматтар банкын түзүшөт, эл аралык, гуманитардык, илимий, маданий жана ишкердик кызматташуу проблемалары боюнча конференцияларды, симпозиумдарды, консультацияларды өткөрүшөт;
- Тараптардын соода-экономикалык, маданий-агартуу, илимий, билим берүү мекемелери жана уюмдары менен байланыш түзүү маселелери боюнча кызыкдар уюмдарга жана барган мамлекеттин жарандарына маалыматтык жана консультациялык көмөк көрсөтүшөт;
- барган мамлекетте туруктуу жашаган мекендештер арасында маданий-агартуу жана маалыматтык иштерди жүргүзүшөт, алардын бирикмелери менен болгон байланышты колдошот;
- көркөм жамааттардын жана айрым аткаруучулардын чыгууларын, теле жана кино кароолорун уюштурушат;
- экспонаттык, сүрөт, көркөм чыгармалардын жана элдик кол өнөрчүлүк буюмдардын көргөзмөлөрүн, китеп көргөзмөлөрүн уюштурушат;
- жергиликтүү коомчулуктун жана ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрүн, илимдин жана маданияттын көрүнүктүү ишмерлерин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарын ишке тартуу менен өз ишмердигинин багыттары боюнча коомдук кеңештерди жана клубдарды түзүшөт;
- Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик тилдерин үйрөнүү боюнча курстарды уюштурушат, окуу жайларынын жана илимий мекемелеринин тил жана адабият мугалимдерине жана илимий кызматкерлерине методикалык жардам көрсөтүшөт;
- барган мамлекеттин жарандарын тандап, аларды өзүнүн мамлекетине окууга жана стажировкага жиберүүгө көмөктөшөт;
- барган мамлекеттеги өз мамлекетинин окуу жайларынын бүтүрүүчүлөр ассоциацияларынын жана клубдарынын ишмердигине көмөктөшөт, ушундай ассоциациялардын жана клубдардын ошол окуу жайлары менен байланыштарын колдоого алышат, ошондой эле бүтүрүүчүлөр үчүн барган мамлекетте квалификацияны жогорулатуу боюнча семинарларды уюштурушат;
- барган мамлекеттин кызыкдар уюмдары, айрым жарандары үчүн китепканалардын жана башка маалыматтык кызматтардын ишин камсыз кылышат;
- барган мамлекеттин ассоциациялары жана достук коомдору, окутуу, маданий жана илимий мекемелери, үчүнчү өлкөлөрдүн маданий-маалыматтык борборлору менен кызматташат;
- Мекемелердин ишмердиги менен байланышкан программаларды, чакырууларды жана башка маалыматтык материалдарды жайылтышат.
Барган мамлекеттин мыйзамдарын сактоо менен Мекемелер ушул Макулдашуунун максаттарына жооп берген ишмердиктин башка түрлөрүн жүргүзө алышат.
6-берене.
КИМҮ жана РИМБ тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик мекемелери болуп эсептелет. Мекемелер ушул Макулдашууда каралган өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө барган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык юридикалык жактын укуктарын пайдаланышат.
7-берене.
Мекемелер барган мамлекеттин Тарабынын макулдугу боюнча иш-чараларды өз жайларынан тышкары жерлерде өткөрө алышат.
Тараптар Мекемелер тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга коомчулуктун тоскоолдуксуз баруусун камсыз кылышат.
Тараптар өз ара негизде жана барган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Мекемелердин персоналынын жана жайларынын, ошондой эле алар өткөргөн иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшөт.
8-берене.
Мекемелер жана алардын филиалдары өз ишмердигинен пайда табуу максатын көздөшпөйт. Ошол эле учурда алар Мекемелерди жана алардын филиалдарын кармоого жана иштөөсүнө кеткен чыгымдардын бөлүгүн жабуу үчүн төмөнкүлөрдү жүргүзө алышат:
- алар уюштурган иш-чараларга катышуу үчүн, тил үйрөнүү курстарында окуу жана ишмердиктин башка түрлөрү үчүн акы алууну;
- эгерде барган мамлекеттин соода тармактарында сатылбаса жана барган мамлекеттин соода ишинин эрежелерине, бажы мыйзамдарына карама-каршы келбесе жана интеллектуалдык менчик ээлеринин укуктарын бузбаса, маалыматты жазуу ыкмасына карабастан мезгилдүү басылмаларды, каталогдорду, афишаларды, программаларды, китептерди, сүрөттөрдү жана репродукцияларды, пластинкаларды, аудиовизуалдык жана дидактикалык материалдарды, Мекемелер уюштурган иш-чараларга түздөн-түз тиешеси бар жана барган мамлекеттин мыйзамдарында тыюу салынбаган башка предметтерди сатууну;
- өздөрү ээлеген жайларда келүүчүлөрдү тейлөө үчүн китеп дүкөндөрүн, ресторандарды, кафелерди жана сувенир күркөлөрдү ачууну.
9-берене.
Тараптар өз ара шарттарда Мекемелерди жана алардын кызматкерлерин жайгаштыруу үчүн барган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жер участкаларын берүүгө, ошондой эле кызматтык жана турак жай имараттарын (жайларын) ижарага берүүгө, сатып алууга же курууга көмөктөшөт.
Курулуш курууга уруксат берилгенден кийин Мекемелердин имараттарын (жайларын) долбоорлоо, куруу жана жасалгалоо боюнча иштерди барган мамлекеттин шаар куруу эрежелерине ылайык жөнөтүүчү Тарап жүргүзөт. Мындай учурда жөнөтүүчү Тарап тиешелүү иштерди аткарууга подрядчыларды өз алдынча дайындоого укуктуу.
10-берене.
Мекемелер, алардын филиалдары жана Мекемелердин персоналы үчүн салык режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешелерге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө 1999-жылдын 13-январындагы макулдашууга ылайык жана өз ара принциптер эске алынып, барган мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат.
11-берене.
Тараптар өз ара негизде жана эл аралык келишимдерге, ошондой эле өздөрүнүн мамлекеттеринде колдонулуучу бажы мыйзамдарына ылайык бажы алымдарынан жана салыктардан бошотуу менен сатууга арналбаган төмөнкү товарларды убактылуу ташып кирүүгө уруксат беришет:
- жабдуулар, эмерек, материалдар жана Мекемелердин иштөөсү үчүн зарыл болгон башка буюмдар (транспорттук каражаттарды кошкондо);
- Мекемелердин жайларында же алар уюштуруучу иш-чаралардын алкагында анын чегинен тышкары жерлерде көрсөтүлүүчү кинофильмдер;
- көргөзмөлөрдү жана маданий-көркөм иш-чараларды өткөрүү үчүн экспонаттар жана жабдуулар;
- ушул Макулдашууда аныкталган ишмердиктин негизги максаттарына ылайык Мекемелердин нормалдуу иштөөсүн камсыз кылуу, интерьерди жасалгалоо үчүн зарыл болгон башка материалдар, предметтер жана буюмдар.
Бул беренеде аталган товарлардын тизмеси бир Тараптын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн сунушу боюнча башка Тараптын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылууга тийиш.
Бул беренеде аталган товарлар барган мамлекеттин аймагынан бажы төлөмдөрү төлөнгөндө жана ошол мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген башка талаптар аткарылганда гана чыгарылышы мүмкүн.
12-берене.
Ар бир Тарап өзүнүн Мекемесинин персоналын дайындайт. Бул персонал жөнөтүүчү мамлекеттин, барган мамлекеттин же үчүнчү мамлекеттин жарандары болушу мүмкүн. Үчүнчү мамлекеттин жарандарын дайындоодо барган мамлекеттин компетенттүү органдары менен макулдашуу зарыл.
Мекеменин директору жана анын орун басары жөнөтүүчү мамлекеттин жарандары болууга тийиш. Алар жөнөтүүчү Тараптын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн дипломаттык персоналынын мүчөсү же консулдук мекемесинин кызмат адамдары болушу мүмкүн.
Мекемелердин персоналынын саны Тараптардын өз ара келишими боюнча белгиленет.
Тараптар Мекеменин персоналын комплектөө жөнүндө, ошондой эле кызматкерлердин кызматка киришкендиги жана алардын Мекемеде иштөөсүн токтоткондугу тууралуу бири-бирине билдиришет.
13-берене.
Жөнөтүүчү мамлекеттин жараны болуп эсептелген жана барган мамлекетте туруктуу жашабаган Мекеменин кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жөнөтүүчү Тараптын мамлекетинин эмгек мыйзамдары жана социалдык камсыздоо режими колдонулат.
14-берене.
Жөнөтүүчү Тараптын Мекемелеринин кызматкерлери жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү убактылуу алып кирген жеке пайдаланууга арналган кыймылдуу мүлктү бажылык тариздөө барган мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу менен жүргүзүлөт.
Кабыл алуучу Тарап жөнөтүүчү Тараптын Мекемелеринин кызматкерлерине жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө транспорттук каражаттарды (бир үй-бүлөгө бирден ашык эмес) бажы төлөмдөрүнөн бошотуу менен алар жашаган мөөнөткө убактылуу алып кирүүгө уруксат берет.
Ушул беренеде каралган жеңилдиктер Мекеменин персоналынын барган мамлекеттин жараны болгон мүчөсүнө же анын аймагында туруктуу жашаган адамдарга колдонулбайт.
15-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин эл аралык милдеттенмелерине жана мыйзамдарына ылайык Мекемелердин кызматкерлеринин жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн келүүсүнө уруксат берүү жөнүндө арыздарды, ошондой эле барган мамлекетте жашоого уруксат берүү тууралуу арыздарды өз убагында кароого көмөктөшөт.
16-берене.
Ар бир Тарап зарыл болгон учурда экинчи Тарапка анын Мекемесинин кызматкерлери үчүн турак жайларды тандоого көмөктөшөт.
17-берене.
Тараптар өз ара келишим боюнча ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга байланыштуу маселелерди кароо үчүн консультацияларды өткөрүшөт.
18-берене.
Бул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу Тараптар ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар сүйлөшүү жолдору менен чечилет.
19-берене.
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашуунун 20-беренесинде каралган тартипте күчүнө кире турган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду ушул Макулдашууга киргизе алышат.
20-берене.
Бул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгын ырастаган жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Бул Макулдашуунун колдонулушу тиешелүү мезгил аяктаганга алты айдан кем эмес убакыт калганга чейин Тараптардын бири экинчи Тарапка анын колдонулушун токтотууга ниеттенгендиги тууралуу жазуу жүзүндө билдирбесе кийинки беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылып турат.
Москва шаарында 200__-жылдын "___"___________ эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн