Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 3-июну № 259-б
Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында 2009-жылдын 9-12-июнунда болуучу Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын сегизинчи заседаниесинин ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Бабанов Өмүрбек Токтогулович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
Жапаров Акылбек Үсөнбекович - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри, Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алдындагы "Кыргызстан-Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу району" координациялык тобунун төрагасы;
Рец Татьяна Борисовна(*)- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жооптуу катчысы;
Абдыкеримов Канат Абдыжапарович - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Ералиев Нурлан Карымшакович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Ибраимов Эрмек Султанович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Касымалиев Мукамбет Шадыканович - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министринин орун басары;
Кадыркулов Мукай Асанович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын кеңешчиси;
Курманбеков Темирбек Барыктабасович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кайназаров Руслан Жумабекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;
Кадыров Радмил Жаныбекович(*)- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн референти;
Мамбеталиева Жылдыз Жеенбаевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Мамаев Кубанычбек Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Примов Алмазбек Абдыакимович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Рысмендиев Асан Алмазович - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Сабыров Токтосун Ырыскелдиевич - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Тыныбеков Алымбай Каратаевич - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Эшназаров Наби Асанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.
2. Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгү өз ишинде "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобону жетекчиликке алаары белгиленсин.
3. Комиссия мүчөлөрүнүн командировкалык чыгымдары "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Эскертүү: (*) - топтун алдыңкы курамында 2009-жылдын 7-июнунда Пекин шаарына жиберилет.
Премьер-министр
| И.Чудинов |