Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 9-декабры № 676-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгын аткаруу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин товардык-материалдык баалуулуктарын тизмелеп-каттоо боюнча жоюу комиссиясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жоюу комиссиясы эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттикти жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык иш-чараларды жүргүзсүн, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин мүлкүн эсепке алууну жана баалоону жүргүзсүн;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин аталган мүлкүн жана документтерин Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин бошоп калган кызматкерлерин ишке орноштуруу боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-декабрындагы № 676-б буйругуна тиркеме |
Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин статс-катчысы - комиссиянын төрагасы;
Жигитов А.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Абдувапов А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин уюштуруу-кадрдык кызмат жана финансылык камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги;
Жуманова М.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин укуктук экспертизалар бөлүмүнүн башчысы;
Усубалиева Н.А. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин борбордук бухгалтериясынын башчысы - башкы бухгалтер;
Жүзөнова Д.С. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин кадрлар секторунун башчысы;
Сатылганова С.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин финансы, бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башчысы;
Акбаев Н.Э. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин юридика бөлүмүнүн башчысы;
Иманалиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматынын конкурстук тандоо жана мамлекеттик кызмат өтөө бөлүмүнүн башкы адиси.
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси |
А.Карашев |