Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-декабры № 691-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 359-б буйругу менен бекитилген 2009-2011-жылдарда Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына өтүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту реформалоо боюнча иш-чаралардын планына ылайык, бюджеттик уюмдарда бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн автоматташтырылган системасын киргизүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдарда бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча программалык продуктту тандоо боюнча тендердик комиссиянын тиркелген курамы бекитилсин.
2. Тендердик комиссия Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдарында бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү автоматташтыруу үчүн программалык продуктту сатып алууга тендерди бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесинин атынан белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдарында бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча бирдиктүү программалык камсыздоого лицензиялык ачкычтарды сатып алсын;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдарында бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча бирдиктүү программалык камсыздоону киргизүү графигине ылайык белгиленген финансылык отчеттуулуктун ведомстволор аралык жыйнагын техникалык коштоону камсыз кылсын.
4. Министрликтер жана ведомстволор Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдарында бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча бирдиктүү программалык камсыздоону киргизүү графигине ылайык ведомстволук түзүмдүк бөлүмчөлөрдө бирдиктүү программалык камсыздоону киргизүү графигин бир айлык мөөнөттө бекитишсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 691-б буйругу менен бекитилген |
Тендердик комиссиянын төрагасы:
Бакиров Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдоо иштери кызматынын жетекчиси, мамлекеттик башкарууда түзүмдүк өзгөртүп кайра түзүү жана техникалык жардамдар үчүн Дүйнөлүк банктын Кредиттик линиясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин төрагасы.
Тендердик комиссиянын мүчөлөрү:
Шаикова А.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесинин директору;
Сапарбаева Ч.Ш. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин финансылык отчеттуулук методологиясы жана ички аудит башкармалыгынын начальниги;
Алибаев Ы.Р. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин уюштуруу-техникалык камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
Аманбаев У.М. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын отчетторду талдоо бөлүмүнүн башчысы;
Токочев Р.Т. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесинин программалык камсыздоону иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы;
Абдыразакова Н.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын отчетторду талдоо бөлүмүнүн башкы адиси.