Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-декабры № 694-б
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Генералдык штабынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн финансылык жардам берүү жөнүндө Протоколдун тиркелген долбоору мүмкүн болгон принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Түркия Республикасынын Генералдык штабы (мындан ары Тараптар) _____________________ кол коюлган, Кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуунун алкагында бөлүнө турган финансылык жардамды колдонуу максатында төмөнкү беренелер боюнча макулдашты:
1-берене. Максаты
Ушул Протоколдун максаты болуп, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине Түркия Республикасынын Генералдык штабы тарабынан берилүүчү АКШ долларына эквиваленттүү 45000 (кырк беш миң) түрк лири суммасындагы финансылык жардамды колдонуунун негизги принциптерин аныктоо эсептелет.
2-берене. Пайдалануу чөйрөсү
Түркия Республикасынын Генералдык штабы тарабынан берилүүчү финансылык жардам, Бельгиянын Монс шаарындагы НАТОнун Кызматташтык координациялык ячейкасындагы (ККЯ) Кыргыз Республикасынын байланыш офицерин камсыздоого пайдаланылат.
3-берене. Ишке ашыруунун принциптери
Төмөндө финансылык жардамды ишке ашыруунун негизги принциптери көрсөтүлдү:
1. АКШ долларына эквиваленттүү 45000 (кырк беш миң) түрк лири НАТОнун Кызматташтык координациялык ячейкасындагы Кыргыз Республикасынын байланыш офицерин камсыздоого пайдаланылат.
Бөлүнгөн сумма Кыргыз Республикасынын байланыш офицеринин төмөнкү керектөөлөрүнө пайдаланылат:
а) Жашаган жердин жана кеңсе ижарасына
б) Тейлөө жана оңдоо чыгымдарына
в) Телефондун жана факстын чыгымдарына
г) Канцеляриялык буюмдарга
д) Башка чыгымдарга.
2. Финансылык жардам, Кыргызстандагы Түркия Республикасынын Аскердик атташеси аныктаган банк эсебине Түркия Республикасынын Генералдык штабы тарабынан которулат. Финансылык жардамды пайдалануу Түркия Республикасынын Аскердик атташесинин контролунун астында, Түркия Республикасынын Генералдык штабынын көрсөтмөлөрүнө ылайык ишке ашырылат.
3. Зарылчылык болгон учурда акча каражаттары Түркия Республикасынын Генералдык штабы тарабынан түз которулушу мүмкүн.
4-берене. Башка суроолор
Ушул Протоколду аткаруунун жүрүшүндө, ушул Протокол менен каралбаган суроолор келип чыккан учурда ушул Протоколдун преамбуласында көрсөтүлгөн ... Кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуунун жоболору артыкча күчкө ээ болот. Ушул Протоколдун жоболору Тараптардын ортосунда түзүлгөн башка макулдашуулардан келип чыккан тараптардын укуктарын чектебейт.
5-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ушул Протоколго Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал өзүнчө протокол менен таризделет. Көрсөтүлгөн протоколдор Финансылык жардамды аткаруу протоколунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Ушул Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан кандай болбосун талаш-тартыш маселелер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
6-берене. Колдонуу мөөнөтү
Ушул Протокол Түркия Республикасынын Генералдык штабынан финансылык жардамды жана акча каражаттарынын которуу бүткөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги кабарлоо алганга чейин күчүндө болот.
7-берене. Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Протокол, дипломатиялык каналдар аркылуу Тараптардын анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруусу жөнүндө акыркы билдирүүнү алган күнүнөн баштап күчүнө кирет.
8-берене. Текст жана кол коюу
Ушул Макулдашуу ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде эки нускада түзүлдү, бардык тексттер акыйкаттуу. Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкча күчкө ээ болот.
Эки тараптын өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул Протоколго ____-жылдын __ ________ Түркиянын Анкара шаарында кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атынан
Колу: | Түркия Республикасынын Генералдык штабынын атынан
Колу: |