Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 22-декабры № 701-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгын аткаруу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикти жоюу боюнча комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссиянын төрагасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикти жоюунун жана кызматкерлерин бошотуунун жол-жоболорун аяктоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте биринчи кол коюу укугу берилсин.
3. Жоюу комиссиясы эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикти жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык зарыл иш-чараларды жүргүзсүн, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин мүлкүн эсепке алууну жана баалоону жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин көрсөтүлгөн мүлкүн жана документ фондусун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Материалдык резервдер фондуна өткөрүп берсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 701-б буйругуна тиркеме |
Шайдиева Динара Жапаркуловна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасы;
Жамгырчиев Эрлан Төлөбаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Материалдык резервдер фондунун директору;
Курманов Дамир Ешенкулович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын мамлекеттик кызматта мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмүнүн башчысы;
Эсеналиева Лиана Базаркуловна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Материалдык резервдер фондунун башкы бухгалтеринин орун басары;
Алибаев Ырысбек Рустамович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин уюштуруу-техникалык камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
Нурматова Жылдыз Байишевна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин персонал менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
Набитаева Эльмира Үсөновна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин финансылык отчеттуулук методологиясы жана ички аудит башкармалыгынын мамлекеттик сектордо бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук методологиясы бөлүмүнүн башчысы;
Баяманова Зуура Эдуардовна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы.