КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 25-декабры № 724-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 168-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- 3-пункттагы "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү" деген сөздөр алып салынсын.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 724-б буйругуна тиркеме |
"Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик
башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча
башкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегиясын ишке ашыруу
боюнча Координациялык кеңештин
КУРАМЫ
Карашев А.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, Координациялык кеңештин төрагасы;
Бакиров М.С. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Салымбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Мусабеков А.О. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча сектор башчысы (макулдашуу боюнча);
Тарбинский О.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - администрациялык реформалар башкармалыгынын начальниги;
Исаков Ж.Ы. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин статс-катчысы;
Байжуманов Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Кенжебаев Д.Б. - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Жолдошов А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Олейниченко А.П. - Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл округунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Асанакунов Б.Д. - Кыргыз Республикасынын Муниципалитеттер ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча);
Есеналиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин юридика бөлүмүнүн башчысы, Координациялык кеңештин жооптуу катчысы (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси |
А.Карашев |