Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 12-январы № 3-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын чектеш аймактарындагы тургундардын кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүү тартиби жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Тараптардын мамлекеттеринин чектеш региондорунун аймактарында турган калктын тарыхый жана маданий-этникалык тыгыз байланыштарын эске алуу менен, өз ара пайдалуу принциптерди жетекчиликке алып, Тараптардын мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн жана аймактарынын бүтүндүгүн урматтоо менен, Тараптардын мамлекеттеринин чектеш региондорунун ортосундагы экономикалык, илимий техникалык, маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулуу менен төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене.
Бул Макулдашууда колдонуучу түшүнүктөр төмөнкүлөрдү билдирет:
"чектеш аймактар" - Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын бул Макулдашуунун № 1 тиркемесинде көрсөтүлгөн кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына түздөн-түз чектеш административдик аймактык бирдик;
"чектеш аймактардын тургундары" - Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын чектеш аймактарында туруктуу жашашкан жарандары;
"чек ара" - Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы 2001-жылдын 15-декабрындагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы тууралуу келишим менен белгиленген кыргыз-казак мамлекеттик чек ара;
"чек араны кесип өтүү жерлери" - ушул Макулдашуунун шартында аныкталган кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы чектеш аймактардын жашоочулары, жумушчулары өтүүчү жерлер;
"Тараптардын мамлекеттик чек ара өкүлдөрү" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2001-жылдын 15-декабрындагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимге ылайык дайындалгын кызмат адамдары;
"чектеш аймактардын жумушчулары" - Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жарандары, чектеш аймактарында убактылуу же туруктуу эмгек иштерин аткаруучулар.
2-берене.
Экинчи Тараптын мамлекетинин чектеш аймагына 3 суткалык мөөнөткө жөнөп жаткан, ошондой эле кайра кайтып келүүчү бир Тараптын мамлекетинин чектеш аймактарындагы тургундар, жумушчулар, ушул Макулдашуунун № 2 тиркемесинде аталган мамлекеттик чек арадан өтүү жерлери аркылуу чек арадан өтсө болот жана убактылуу барган мамлекеттин мыйзамдарын, ошондой эле ушул Макулдашуунун шарттарын сактоого милдеттүү.
3-берене.
Чектеш аймактардагы тургундардын, жумушчулардын чек арадан өтүү жерлеринде өтүү режимин уюштуруу Тараптардын мамлекеттик чек ара ведомстволоруна жүктөлөт.
4-берене.
Эпидемия, эпизоотия, табигый кырсыктар же башка күтүүсүз жагдайларда жана өзгөчө кырдаалдарда Тараптардын мамлекеттик чек ара өкүлдөрү чектеш аймактардагы тургундардын, жумушчулардын чек арадан өтүүлөрүн убактылуу токтотууга укуктуу.
Тараптардын мамлекеттик чек ара өкүлдөрү убактылуу чектөөлөрдү киргизүү жана аны жоюу алдында 24 саат мурун бири-бирине маалымдашат.
5-берене.
Тараптардын мамлекеттик чек ара өкүлдөрүнүн келишими менен башка шарттар каралбаган учурда, чектеш аймактардагы тургундар жана жумушчулар сутканын каалагандай убагында мамлекеттик чек арадан жөө, велосипед же араба менен өтө алышат.
Бир Тараптын мамлекетинин чектеш аймактардагы тургундар, жумушчулар экинчи Тараптын чектеш аймактарына кирип жатышып, ошондой эле ошол кирген чек арадан кайра кайткан учурда өздөрүнө таандык жеңил автомобилдерди, мотоциклдерди, мопеддерди каттоодон өткөрбөстөн, ушул Макулдашуунун 2-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөткө чек арадан алып өтө алышат.
Чектеш аймактардагы тургундар, жумушчулар кызматтык, жеке, үй-бүлө, тиричилик үчүн багытталган жана өндүрүштүк же ишкердик жүргүзүү менен байланышпаган башка керектөөлөрү үчүн Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган бажы алымдарын, салыктарды жана жыйымдарды төлөнбөстөн алып кирүү (чыгаруу) нормаларынан ашпаган санда товарларды алып өтө алышат.
Чектеш аймактарда жашашкан элдер, жумушчулар өндүрүштүк же коммерциялык иш аракеттери үчүн товарларды алып кирүүнү (алып чыгууну) каалашса, ошондой эле, алып кирүүгө (алып чыгууга) тыюу салынган же Тараптардын тийиштүү мамлекеттик органдарынын атайын уруксатын алууну талап кылган товарлар менен чек араны кесип өтүү жайларынан өтүүгө тыюу салынат. Мындай товарлары бар жашоочулар, 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн Макулдашуусунда каралган чек ара текшерип өткөрүү жайлары аркылуу гана өтө алышат.
Зарылдыгына жараша элге маалымдоо үчүн, Тараптардын мамлекеттик чек ара өкүлдөрү чектеш аймактардын администрациялары менен бирдикте товарлардын алып кирүү (алып чыгуу) тыюу салынган же, алып кирүү (алып чыгуу) үчүн Тараптардын тийиштүү мамлекеттик органдарынын атайын уруксат берүүчү иш кагаздары талап кылынган тизмектер менен алмашышат.
6-берене.
Чектеш аймактардагы тургундар, жумушчулар бул Макулдашууда аныкталган чек арадан өтүү жайлары аркылуу өтүшүп, өтүү үчүн бул Макулдашуунун № 3 тиркемесинде аныкталган документтер негиз боло алат.
7-берене.
Эгерде Тараптын мамлекетинин чектеш аймактарда жашашкан элдеринин, жумушчуларынын бир жашоочусу экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жүрүп бул Макулдашуунун № 4 тиркемесинде аныкталган документтер жоготуп же бузуп алган болсо, анда ал адам тезинен жүргөн мамлекеттин ички иштер органдарына билдирүүсү зарыл.
Мындай учурларда, ошол мамлекет ички иштер органдары адамдын таандыгын аныктаган соң, ал адамга бул Макулдашуунун № 4 тиркемесинде аныкталып, документтин жоготкондугу тууралуу маалым кат берет. Бул маалым кат чек арада жайгашкан өткөөл аркылуу кайра өз мамлекетине кайтууга негиз болот.
8-берене.
Тараптардын мамлекеттик чек ара өкүлдөрү, чектеш аймактарда жашашкан элдеринин, жумушчуларынын экинчи Тараптын мамлекетинин чектеш аймагында жүрүп административдик укук же чек арадан өтүү эрежелерин бузгандыктары үчүн кармалгандарын алып жана берүүнү уюштуруу боюнча чара көрүшөт. Административдик укук же чек арадан өтүү эрежелерин бузгандыктарынын далилин топтоо, кайсыл Тараптын мамлекеттик аймагында болсо ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Чектеш аймактарда жашашкан элдер тарабынан, товарларды чек арадан алып өтүү жаатында бажы мыйзамдарын бузуулар билинген учурда, Тараптардын чек ара органдары, мыйзам бузуу кайсыл Тараптын аймагында болсо ошол Тараптын бажы органына маалымдашат. Мындай учурларда, мыйзам бузуучулар кайсыл Тараптын мамлекеттин аймагында мыйзам бузган болсо ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.
9-берене.
Бул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан пикир келишпестиктер Тараптардын мамлекеттик чек ара өкүлдөрүнүн жыйындарында (жолугушууларында) талкууланат жана чечилет.
Чечилбеген пикир келишпестиктерди Тараптар андан ары кароо үчүн дипломатиялык каналдар боюнча өткөрүп беришет.
10-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
11-берене.
Бул Макулдашуу Тараптардын мыйзам-ченемдерине каршы келбеген жактары боюнча кол коюлган күндөн тартып ишке ашырыла баштап, ал эми толук күчүнө Тараптардын күчүнө киргизүүгө багытталган баардык мамлекеттик ички иш чаралар көрүлгөндүгү тууралуу акыркы катты алган күнү киргизилет.
Бул Макулдашуу 5 жылдык мөөнөткө түзүлүп, эгерде мөөнөтү бүтөөргө 6 айдан кем эмес убак калганга чейин, Тараптар өз элчиликтери аркылуу мөөнөтүн узартууга макул эместигин билдирбеген учурда кайрадан 5 жылга узартылып турат.
20____-жылдын "____" ______________________ шаарында эки нускада түзүлдү, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Эгерде бул Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар анын орус тилиндеги текстине кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын чектеш аймактарындагы тургундардын кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга № 1 тиркеме |
Кыргыз Республикасы
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл району
Түп району
Талас облусу
Манас району
Чүй облусу
Аламүдүн району
Панфилов району
Ысык-Ата району
Казакстан Республикасы
Алма-Ата облусу
Раимбек району
Жамбул облусу
Кордой району
Мерке району
Жамбул району
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын чектеш аймактарындагы тургундардын кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга № 2 тиркеме |
Казакстан Республикасы Кыргыз Республикасы
Алма-Ата облусу Ысык-Көл облусу
Раимбек району Түп району
Каркыраа калктуу конушу Сан-Таш калктуу конушу
Жамбул облусу Чүй облусу
Мерке району Панфилов району
Гранитогорск калктуу конушу Чолок-Арык айылы калктуу конушу
Кордой району
Карасай-Баатыр калктуу конушу Ысык-Ата району
Чоң Чүй каналынын көпүрөсүнүн Токмок шаары
районунда
Талас облусу
Жамбул району Манас району
Кара-Тоо калктуу конушу Маймак темир жол бекети
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын чектеш аймактарындагы тургундардын кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга № 3 тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн
1. 1994-жылдын үлгүсүндөгү, жарамдуулук мөөнөтү бүтө элек жана чектеш аймакта жашаган жерин тастыктоочу каттоого алынган Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту.
2. 2004-жылдын үлгүсүндөгү (ID-kard) Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту.
3. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (жашы 16-га толо элек балдар үчүн).
Казакстан Республикасынын жарандары үчүн
1. Юстиция органдары же чектеш айыл округдарынын акими тарабынан күбөлөндүрүлгөн өздүк күбөлүк, чектеш аймакта жашаган жерин тастыктоочу жарандарды каттоо китебинен көчүрмө (жашоочуларды каттоо китеби).
2. Казакстан Республикасынын жарандык паспорту жана юстиция органдары же чектеш айыл округдарынын акими тарабынан күбөлөндүрүлгөн чектеш аймакта жашаган жерин тастыктоочу жарандарды каттоо китебинен көчүрмө (жашоочуларды каттоо китеби).
3. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (жашы 16-га толо элек балдар үчүн).
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын чектеш аймактарындагы тургундардын кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга № 4 тиркеме
|
┌────────────────────────┐ ┌───────────────┐
│ Маалымкат берген │ │ Сүрөт оруну │
│ органдын бурч штампы │ │ │
└────────────────────────┘ └───────────────┘
МААЛЫМКАТ
Жаран _______________________________ кайрылып паспорту жоголгондугу тууралуу арыз берип төмөнкү маалыматтарды жазды:
Фамилиясы ____________ аты __________ атасынын аты _______________
Туулган күнү ________ туулган жери _______________________________
Жарандыгы ________________________________________________________
Үй бүлөлүк абалы _________________________________________________
Жашаган жери (жүргөнү) ___________________________________________
Кайда, кандай жагдайда паспорту жоголгону ________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Жоголгон паспорт тууралуу маалыматтар: сериясы ______ № __________ ______________________________________________________________ берилген
(бөлүмдүн аталышы)
Берилген маалымкат 20__-жылдын "___" ______________ чейин жарактуу
Маалым катты жазган кызматкердин кызмат абалы
_________________________ _________ ___________________________
(атайын кызматтык чини) (колу) (аты жөнү)
"____" _________________ 20___-ж.