Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 26-январы № 18-б
1. Кыргыз Республикасынын аймагында НАТО менен "Тынчтык үчүн кызматташтык" программасынын байланыш жана өз ара аракеттешүү боюнча кызматчысынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосунда алмашуу катынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын коргоо министрине, жогоруда аталган алмашуу катынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|
Долбоор
Урматтуу _____________________________________ мырза,
Төмөнкү катта баяндалган Сиздин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы байланыш жана өз ара аракеттенүү жаатындагы келишимдери мындан ары кеңейтүү боюнча сунуштарыңарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү макул болгондугун терең канааттануу менен белгилейм:
"CJ(2009)0618
Урматтуу _____________________________________ мырза,
Сизге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун ортосундагы байланыш жана өз ара аракеттенүү жаатындагы келишимдерди мындан ары кеңейтүү боюнча сунуш менен кайрылууга мага урмат көрсөтүлдү. Байланыш жана өз ара аракеттенүүлөр жөнүндө келишимдерин мындай кеңейүүлөрү Евроатлантикалык кызматташтык Кеңешинин (ЕАКК) жана "Тынчтык үчүн кызматташтык" программасынын чегинде биздин мамилелерди бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен НАТОнун ортосундагы кызматташтыктын тереңдөөсүнө байланыштуу, ошондой эле 2004-жылы Стамбул шаарындагы Саммитте Түндүк Атлантика Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде НАТО Кавказга жана Борбордук Азияга кайрадан кылдат көңүл буруусунун себебин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында НАТО менен Тынчтык үчүн кызматташтыктын байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматчысын статусу жөнүндө келишимдин төмөнкү вариантын сунуш кылуу мен үчүн сыймык:
1. НАТО менен Тынчтык үчүн кызматташтыктын байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматчысы жана аны менен бирге жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрү иммунитетке ээ жана 1961-жылдын 18-апрелинен баштап колдонулуп жаткан, дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасына аккредитацияланган дипломатиялык миссиянын мүчөлөрүнүн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн артыкчылыктары жана жеңилдиктери менен колдонушат.
2. Мындай артыкчылыктары жана иммунитеттер үчүн эч кандай зыян келтирилбестен НАТО жана Тынчтык үчүн кызматташтык байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматчысы милдеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ченемдик-укуктук актыларын сактоо жүктөлөт. НАТО жана Тынчтык үчүн кызматташтыктын байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматчысы Кыргыз Республикасында эч кандай кесиптик же коммерциялык ишмердүүлүк менен алектене албайт; мындай кызматчы, анын милдеттеринин мүнөзүнө туура эмес жана ушул каттын мазмунуна ылайык келбеген кайсы болбосун ишмердүүлүктөн карманууга милдеттенме алат.
3. НАТО жана Тынчтык үчүн кызматташтыктын байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча кызматчысы отурган офистик жайларга дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасына аккредитациялаган дипломатиялык миссияларынын жайларындагы артыкчылыктар, иммунитет жана жеңилдиктер таркатылат.
4. Кыргыз Республикасы менен НАТОнун ортосундагы ушул катты колдонуу жана талкуулоо боюнча бардык талаш-тартыштар дипломатиялык каражаттардын жардамы менен чечилет.
5. Ушул келишим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан же НАТО тарабынан, мындай бузуу жөнүндө жазуу түрүндөгү билдирүүнү көрсөтүү менен бузулушу мүмкүн. Мындай бузуу кызыктар Тарап жазуу түрүндөгү билдирүү алган убактан баштап үч айлык мөөнөттөн кийин күчүнө кирет. Мындай убак келгенде ушул келишимдердин убагы аяктаганга чейин келип чыккан чечилбеген маселелерди жөнгө салууга тийиштүү бөлүктөн тышкары, ушул келишимдер өзүнүн күчүн жоготот.
6. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда айтылган келишимди колдонууга болот деп тапса, ушул катты жана ага Сиздин жообуңузду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен НАТОнун ортосундагы Макулдашуу катары кароого сунуш кылуу мен үчүн чоң сыймык. Бул Макулдашуу күчүнө кирүүсү менен байланышкан мамлекеттин ичиндеги жол-жоболордун бүтүшү жөнүндө билдирүү алган күндөн баштап күчүнө кирет.
Урматтуу _______________________________ мырза/айымга
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү"
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда көрсөтүлгөн катты жана ага жоопту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен НАТОнун ортосундагы Макулдашуу катары кароо чечими жөнүндө Сизге кабарлоого мага укук берилди. Бул Макулдашуу НАТОнун Катчылыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, мындай Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттин ичиндеги жол-жоболордун бүтүшү жөнүндө билдирүү алган күндөн баштап күчүнө кирет.
Урматтуу ____________________________________________
Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун
Башкы катчысы _______________________________ мырзага