Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-февралы № 24-б
Кыргыз Республикасынын спортсмендеринин 2010-жылы өтө турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга (Канададагы XXI кышкы Олимпиада оюндары, Кытай Эл Республикасындагы XVI Азия оюндары, Сингапурдагы Өспүрүмдөрдүн Олимпиада оюндары, Ислам Иран Республикасындагы Тилектештик ислам оюндары, Россия Федерациясындагы Шериктештик өлкөлөрүнүн өспүрүмдөр оюндарына) ийгиликтүү даярдыгын жана катышуусун камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын спортсмендерин 2010-жылы өтө турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга даярдоо боюнча Уюштуруу комитетинин тиркелген курамы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен 2010-жылы өтө турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга баруучу Кыргызстандын спорттук делегация мүчөлөрүнө визаларды өз учурунда тариздөөгө көмөк көрсөтүүсү суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген графикке ылайык республиканын курама командаларын даярдоо үчүн 2010-жылга бекитилген бюджеттин каражаттарынын чегинде финансылык каражаттардын өз учурунда бөлүнүшүн камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортсмендерин терең медициналык изилдөөнү акысыз негизде жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги эл аралык эпизоотия бюросунун Жер үстүндөгү жаныбарлардын эл аралык санитардык кодексинин жана эл аралык ат оюндарын өткөрүп жаткан өлкөнүн ветеринардык кызматынын талаптарына ылайык жүргүзүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2010-жылы өтө турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга баруучу Кыргызстандын спорттук делегациясынын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык паспортторду алуусуна көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитети, спорттун түрлөрү боюнча федерациялар менен бирге:
- жогоруда аталган эл аралык мелдештерге даярдык көрүү жана катышуу пландарына ылайык Кыргыз Республикасынын курама командаларын зарыл болгон шарттар менен камсыз кылсын;
- бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды эске алуу менен, эл аралык мелдештерде жогорку орундарды алууга мүмкүнчүлүгү бар курама командалардын курамын аныктасын жана бекитсин;
- республиканын курама командаларынын мүчөлөрүнүн сапаттуу даярдыгын камсыз кылуу курама командаларынын машыгуу жүргүзүү жайларын аныктасын жана бекитсин, спорттук базаларын керектүү шаймандар менен жабдуу боюнча иш-чараларды кабыл алышсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар боюнча министрлиги менен бирге спорттук делегациялардын Канада, Кытай Эл Республикасы, Сингапур, Ислам Иран Республикасы жана Россия Федерациясына баруу жана Кыргыз Республикасына келүү маселелерин иштеп чыксын.
9. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокөрсөтүү корпорациясына, жалпыга маалымдоо каражаттарына 2010-жылы өтө турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга республиканын курама командаларынын даярдыгынын жана катышуусунун жүрүшүн чагылдыруусу сунушталсын.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 24-б буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпия комитетинин президенти (макулдашуу боюнча), Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министринин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Бишкек шаарынын мэри;
Ош шаарынын мэри;
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын бокс федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын оор атлетика федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын WTF таэквондо ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын сноуборд жана спорттун экстремалдуу түрлөрү федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).