Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 9-февралы № 40-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Жалалабатэлектр", "Ошэлектр", "Кыргызгаз", "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомдорунун 2010-жылы социалдык-экономикалык маселелерди талкуулоо жана аларды чечүүгө карата тиешелүү чараларды көрүү боюнча коомдук уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу максатында:
1. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Жалалабатэлектр", "Ошэлектр", "Кыргызгаз", "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомдорунун жетекчилеринин коомдук уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен 2010-жылы социалдык-экономикалык маселелерди талкуулоо жана аларды чечүүгө карата тиешелүү чараларды көрүү боюнча жолугушууларынын тиркелген графиги (мындан ары - жолугушуу графиги) бекитилсин.
2. Облустардын мамлекеттик администрация жетекчилери жолугушуулардын графигине ылайык жолугушууларды уюштурууну жана өткөрүүнү камсыз кылышсын.
3. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Жалалабатэлектр", "Ошэлектр", "Кыргызгаз", "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомдорунун жетекчилери:
- жолугушуулардын графигине ылайык өздөрүнүн өкүлдөрүнүн катышууларын камсыз кылышсын;
- жолугушууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча чараларды көрүшсүн;
- төмөнкүлөрдү жиберишсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жолугушуулардын протоколдорун алар өткөрүлгөн күндөн 15 күндөн кечиктирбестен;
- квартал сайын отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын натыйжалары жөнүндө маалымат берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясына, "Эркин-Тоо", "Слово Кыргызстана" жана "Кыргыз Туусу" басма үйлөрүнө жолугушууларды чагылдырууну камсыздоо сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-февралдагы № 47-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин аймактык органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 40-б буйругу менен бекитилген |
┌────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬────────┬───────┬───────┐
│ Өткөрүү │ 25 │ 25 │ 21 │ 23 │ 25 │ 27 │ 16 │
│ күнү │Февраль│ Март │ Май │ Июль │Сентябрь│Октябрь│Декабрь│
├────────────┤ │ │ │ │ │ │ │
│ Уюмдардын │ │ │ │ │ │ │ │
│ аталыштары │ │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┼───────┼───────┤
│Кыргыз │Баткен │Жалал- │Ыссык- │Нарын │Ош │Талас │Чүй │
│Республика- │облус- │абад │көл │облус- │облустук│облус- │облус- │
│сынын Эмгек,│тук │облус- │облус- │тук │мамле- │тук │тук │
│ишке │мамле- │тук │тук │мамле- │кеттик │мамле- │мамле- │
│орноштуруу │кеттик │мамле- │мамле- │кеттик │админис-│кеттик │кеттик │
│жана │адми- │кеттик │кеттик │адми- │трациясы│адми- │адми- │
│миграция │нистра-│адми- │адми- │нистра-│Ош │нистра-│нистра-│
│министрлиги │циясы, │нистра-│нистра-│циясы, │шаардык │циясы, │циясы │
│Кыргыз │"Ош- │циясы, │циясы, │"Восток│мэриясы-│"Север │Бишкек │
│Республика- │электр"│"Жалал-│"Восток│элек- │нын │элек- │шаары- │
│сынын │ААКсы, │абад │элек- │тро" │катышуу-│тро" │нын │
│саламаттык │Кыргыз │элек- │тро" │ААКсы, │су │ААКсы, │мэрия- │
│сактоо │Респуб-│тро" │ААКсы, │Кыргыз │менен, │Кыргыз │сы, │
│министрлиги │ликасы-│ААКсы, │Кыргыз │Респуб-│"Ош- │Респуб-│"Север-│
│Кыргыз │нын │Кыргыз │Респуб-│ликасы-│электро"│ликасы-│элек- │
│Республика- │Өкмөтү │Респуб-│ликасы-│нын │ААКсы, │нын │тро" │
│сынын │ │ликасы-│нын │Өкмөтү │Кыргыз │Өкмөтү │ААКсы, │
│Өзгөчө │ │нын │Өкмөтү │ │Респуб- │ │Турак │
│кырдаалдар │ │Өкмөтү │ │ │ликасы- │ │жай- │
│министрлиги │ │ │ │ │нын │ │комму- │
│Кыргыз │ │ │ │ │Өкмөтү │ │налдык │
│Республика- │ │ │ │ │ │ │чарба │
│сынын айыл │ │ │ │ │ │ │жана │
│чарба │ │ │ │ │ │ │отун- │
│министрлиги │ │ │ │ │ │ │энерге-│
│Кыргыз │ │ │ │ │ │ │тикалык│
│Республика- │ │ │ │ │ │ │ком- │
│сынын │ │ │ │ │ │ │плекс │
│энергетика │ │ │ │ │ │ │депар- │
│министрлиги │ │ │ │ │ │ │таменти│
│Кыргыз │ │ │ │ │ │ │"Биш- │
│Республика- │ │ │ │ │ │ │кек- │
│сынын │ │ │ │ │ │ │суу- │
│Өкмөтүнө │ │ │ │ │ │ │канал" │
│караштуу │ │ │ │ │ │ │ӨЭБ, │
│милдетүү │ │ │ │ │ │ │"Бишкек│
│медициналык │ │ │ │ │ │ │жылуу- │
│камсызданды-│ │ │ │ │ │ │луктар-│
│руу фонду │ │ │ │ │ │ │макта- │
│Кыргыз │ │ │ │ │ │ │ры" │
│Республика- │ │ │ │ │ │ │Кыргыз │
│сынын │ │ │ │ │ │ │Респуб-│
│Өкмөтүнө │ │ │ │ │ │ │ликасы-│
│караштуу │ │ │ │ │ │ │нын │
│социалдык │ │ │ │ │ │ │Өкмөтү │
│камсыздоо │ │ │ │ │ │ │ │
│агенттиги │ │ │ │ │ │ │ │
│Кыргыз │ │ │ │ │ │ │ │
│Республика- │ │ │ │ │ │ │ │
│сынын │ │ │ │ │ │ │ │
│Өкмөтүнө │ │ │ │ │ │ │ │
│караштуу │ │ │ │ │ │ │ │
│Маданият │ │ │ │ │ │ │ │
│мамлекеттик │ │ │ │ │ │ │ │
│агенттиги │ │ │ │ │ │ │ │
│Кыргыз │ │ │ │ │ │ │ │
│Республика- │ │ │ │ │ │ │ │
│сынын │ │ │ │ │ │ │ │
│Өкмөтүнө │ │ │ │ │ │ │ │
│караштуу │ │ │ │ │ │ │ │
│антимонопо- │ │ │ │ │ │ │ │
│лиялык │ │ │ │ │ │ │ │
│жөнгө салуу │ │ │ │ │ │ │ │
│мамлекеттик │ │ │ │ │ │ │ │
│агенттиги │ │ │ │ │ │ │ │
│Кыргыз │ │ │ │ │ │ │ │
│Республика- │ │ │ │ │ │ │ │
│сынын │ │ │ │ │ │ │ │
│Социалдык │ │ │ │ │ │ │ │
│фонду │ │ │ │ │ │ │ │
│АК "Кыргыз- │ │ │ │ │ │ │ │
│газ", │ │ │ │ │ │ │ │
│"Кыргыз- │ │ │ │ │ │ │ │
│телеком" │ │ │ │ │ │ │ │
│АТАКынын │ │ │ │ │ │ │ │
│аймактык │ │ │ │ │ │ │ │
│бөлүмчөлөрү,│ │ │ │ │ │ │ │
│Кыргызстан │ │ │ │ │ │ │ │
│Профсоюзда- │ │ │ │ │ │ │ │
│рынын │ │ │ │ │ │ │ │
│федерациясы │ │ │ │ │ │ │ │
└────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴────────┴───────┴───────┘
Эскертүү:
Министрликтердин, ведомстволордун, акционердик коомдордун өкүлдөрү Л.М.Фомова атындагы КСККБ тарабынан, улгайгандар үчүн ресурстук борбордун коомдук бирикмеси тарабынан жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууну региондордо саат 10.00до облустук мамлекеттик администрациясынын залында төмөнкү графиктин негизин уюштурулат.