Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 3-июну № 260-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим белгилөө жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басарына бул Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду жана толуктоолорду киргизүү укугу менен парафирлөөгө ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Корея Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталышат),
эки өлкөнүн ортосунда достук мамилени өнүктүрүү үчүн жалпы кызыкчылыкта жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн барыш-келиш жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүнү каалаганын билдиришип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптардын жарактуу дипломатиялык жана кызматтык паспортторго ээ жарандары виза албастан эле Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык мамлекеттик чек арадагы эл аралык катнаш үчүн ачык өткөрүү пункттары аркылуу башка Тараптын мамлекетинин аймагына кирүүгө, чыгууга, ал аркылуу транзит менен жүрүүгө жана болууга укуктуу.
2-берене.
Бул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн жарандарга Тараптардын биринин мамлекетинин аймагында ага киргенден отуз (30) күндөн ашпаган мөөнөткө визасыз болууга укук берилет. Болуу мөөнөтү келген өлкөнүн ченемдик укуктук актыларына ылайык узартылышы мүмкүн.
3-берене.
1. Бир Тараптын мамлекетинин аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери болуп саналган башка Тараптын мамлекетинин дипломатиялык жана кызматтык жарактуу паспортторго ээ жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү алардын дипломатиялык өкүлчүлүктөгү расмий миссиясынын мөөнөтү ичинде башка Тараптын мамлекетине визасыз кирүүгө жана чыгууга укуктуу.
2. Аккредиттөөчү мамлекеттин Элчилиги келген өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине бул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын келээри, жумуш ордунда жайгашуусу жана келген өлкөдөн чыгуусу тууралуу алдын ала маалымдоого тийиш.
4-берене.
Бул Макулдашуунун тиешеси бар адамдар башка Тараптын мамлекетинин аймагында болгон учурда өздөрүнө эл аралык укук боюнча таандык укуктарына жана артыкчылыктарына зыян келтирбестен, келген өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоого жана чет өлкөлүк жарандардын келүү, чыгуу, транзит менен жүрүү жана болуу жол-жоболорун жөнгө салуучу колдонуудагы эрежелерин сактоого тийиш.
5-берене.
1. Ар бир Тарап эгерде персона нон грат деп эсептесе дипломатиялык жана кызматтык паспорту бар адамдын анын аймагына киришине же болушуна уруксат бербөө укугуна ээ. Мындай кабыл албоо тууралуу билдирүү башка Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу дароо жөнөтүлүшү керек.
2. Ар бир Тарап коомдук тартипти, коопсуздукту же саламаттыкты сактоо максатында бул Макулдашуунун колдонулушуна убактылуу чектөөлөрдү киргизүү же толугу менен же айрым бөлүгүн токтотуу укугуна ээ. Мындай чектөөлөр же токтотуулар тууралуу башка Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу дароо маалымдалат.
6-берене.
1. Тараптар жарактуу дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун үлгүлөрүн, ошондой эле аларды пайдалануу тартиби жөнүндө маалыматты бул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып (30) күндүн ичинде дипломатиялык каналдар аркылуу алмашышат.
2. Тараптар дипломатиялык жана кызматтык паспортторго тиешелүү өзгөртүүлөр жөнүндө ал өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин алтымыш (60) күн мурдатан дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлашат.
7-берене.
Бул Макулдашууну ишке ашырууда болгон ар кандай пикир келишпестиктер жана талаштар сүйлөшүү жана консультация жолу менен чечилет.
8-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу менен бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуучу жана ушул Макулдашуунун 9-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет.
9-берене.
1. Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Ар бир Тарап Макулдашууну колдонууну токсон (90) күндүн ичинде токтотуу тууралуу ниетин жазуу жүзүндө башка Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу билдирүү менен бул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.
Буларды ырастоо үчүн өзүнүн Өкмөтү тарабынан тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген төмөндөгүлөр бул Макулдашууга кол коюшту.
2009-жылдын _________ шаарында кыргыз, корей, орус жана англис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Текстти чечмелөөдө айырмалар болсо англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасынын
Өкмөтүнүн атынан Өкмөтүнүн атынан