Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 30-апрелиндеги № 164-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 5-июну № 272-б

Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы системасын реформалоо жана эмгек акы төлөө жаатындагы нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлсүн:

Ташпаева Н.А. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчиси;

Нишанов А.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары.

 

Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:

 

Мамбетов К.Б. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;

Абдрашев А.Б. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;

Обозова Т.М. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары;

Сүйүмбаева Э.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдар саясаты башкармалыгынын начальниги;

Назарова З.Д. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин экономика жана финансы саясаты башкармалыгынын начальниги;

Асанов С.Д. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин экономика бөлүмүнүн начальниги;

Касымалиева Г.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек жана социалдык өнөктөштүк башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Кумсков В.И. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун өнүгүп жаткан экономиканын теориялык проблемалары бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Саякова С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун жетектөөчү илимий кызматкери (макулдашуу боюнча).

2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия үч айлык мөөнөттө социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы системасын реформалоо жана эмгек акыны төлөө тармагындагы нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлигинин органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.

4. Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын уюштуруучулук жана башка камсыздоо иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов