Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 5-июну № 274-б
2009-жылдын жайкы туристтик сезонун өткөрүү максатында:
1. 2009-жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейинки мезгил 2009-жылдын жайкы туристтик сезону деп жарыялансын.
2. 2009-жылдын жайкы туристтик сезонун даярдоо жана өткөрүү боюнча оперативдүү штаб (мындан ары - Оперативдүү штаб) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Оперативдүү штаб:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, туризм чөйрөсүндө жеке секторлордун субъекттеринин, коомдук уюмдардын 2009-жылдын жайкы туристтик сезону мезгилинде туризмди өнүктүрүүгө карата иш жүзүндөгү чараларды ишке ашыруу жана макулдашылган иш-аракеттерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча иштерин координацияласын;
- 2009-жылдын туристтик сезонун даярдоо жана өткөрүүнүн негизги багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2009-жылдын жайкы туристтик сезонун өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын киргизсин.
4. Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдары оперативдүү штабдын чечимдерин аткарууга ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Туризм чөйрөсүндөгү ишкердик жана жеке сектордун субъектерине оперативдүү штабдын чечимдерин сактоо сунушталсын.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 274-б буйругуна тиркеме |
Абдуллаева У.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, штабдын жетекчиси;
Мамашов Т.Ч. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.
Штаб мүчөлөрү:
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Ташиев К.К. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Акматов Н.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
Мамытов Т.Б. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы;
Давлеткельдиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Исаев К.Ш. - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Сыдыков Б.Ү. - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
Рысмендиев А.А. - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Казаков Д.Б. - "САТ Compa№y" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
Сарымсаков Б.А. - "Отель Ак-Кеме" кыргыз-малайзия биргелешкен ишканасы жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Петров В.А. - Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Жапаркулов Ж.И. - "Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев