Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-июну № 281-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-майындагы № 237 "Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин бирдиктүү эсепке алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык, мамлекеттик контролдоочу органдардын ишкердик субъекттердин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн жоюу жана текшерүүлөрдү өткөрүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-майындагы № 237 "Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин бирдиктүү эсепке алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жарлыгын (мындан ары - Президенттин Жарлыгы) ишке ашыруу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия төмөнкүдөй укуктарга ээ экендиги белгиленсин:
- Президенттин Жарлыгынан келип чыккан маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын тиешелүү адистерин, көз карандысыз эксперттерди, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен убактылуу жумушчу топторду түзүүгө;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматтарды суроого.
3. Комиссия жогоруда аталган Президенттин Жарлыгынын 3-пунктун ишке ашыруу боюнча сунуштарды 2009-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө иштеп чыксын жана тиешелүү нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Комиссиянын ишин уюштуруу, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июнундагы № 281-б буйругуна тиркеме |
Айтмурзаев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, комиссиянын жетекчиси;
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, комиссиянын жетекчисинин орун басары;
Насиза С.Х. - Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча), комиссиянын жетекчисинин орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Абылкасымова Н.К. - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдарды аткаруу боюнча башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Нурбек уулу Р. - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын уюштуруу-инспектордук иштер башкармалыгынын улук прокурору (макулдашуу боюнча);
Маматов К.А. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
Жунусов А.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажыдан кийинки контролдоо башкармалыгынын начальниги;
Орозалиев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажыдан кийинки контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Мамиров Т.Б. - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын башкармалык начальниги;
Абдраимов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коррупцияга каршы күрөш боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кочкоров У.Т. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин салыктык текшерүүлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыдыралиев У.К. - Кыргызстандын Ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыдырбаев У.А. - Бишкек ишкер кулубунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
Консультанттар:
Эллен Пейн - Кыргызстанда IFC ишкерлик чөйрөгө көмөк көрсөтүү долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Ахметова И.М. - USAIDдин бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Рикарда Майснер - GTZ туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев