Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 14-майы ПЖ № 237
Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин бирдиктүү эсепке алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө
Жагымдуу инвестициялык чөйрөнү калыптандыруу боюнча чаралардын алкагында экономикалык иш субъекттерин укуктук жактан коргоону күчөтүү, текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү, ишкердиктин субъекттеринин ишине мамлекеттик контролдоочу органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42 жана 47-беренелерин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоочу, салык жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар текшерүүлөрдү ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актылар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында жана ага баш ийген төмөн турган прокуратураларда катталгандан кийин жүргүзө тургандыгы белгиленсин, буга катталууга тийиш болбогон, биротоло тизмеси Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды берүү жана каттоо тартиби тууралу эрежелер менен белгиленүүчү актылар кирбейт.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу бардык мамлекеттик органдар "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткарышына көзөмөлдү камсыз кылсын, Мыйзамды бузууга жол берген күнөөлүү жактарга карата катуу чараларды көрсүн;
- текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу укук коргоочу, салык жана башка органдардын ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте ишкердиктин субъекттеринин ишин бардык текшерүүлөрүн эсепке алууну жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен бирдикте үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ушул Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин жана алардын кабыл алынышын камсыз кылсын;
- Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды берүү жана каттоо тартиби тууралуу эрежелерди иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ушул Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |