Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 12-июну № 302-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү,
Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Россия Федерациясынын Өкмөтү жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Билим берүү, окумуштуулук даражалар жана наамдар жөнүндөгү документтердин эквиваленттүүлүгү жана аларды өз ара таануу жөнүндө 1998-жылдын 24-ноябрындагы Макулдашууну жетекчиликке алышып,
илимий байланыштарды сактоого жана өнүктүрүүгө умтулуп,
жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында өз ара пайдалуу кызматташууну улантуу ниетин ырастоо менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин аймактарында экинчи Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы берүүчү окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү квалификациялык документтерди таанышат.
Окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди таануу анын ээлерине өз мамлекеттеринин аймактарында улуттук квалификациялык документтердин ээлери үчүн Тараптар белгилеген укуктардын жайылтылышы сөзсүз тиешелүү болот дегендикке жатпайт.
Окумуштуулук даражалар жана окумуштуулук наамдар жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү квалификациялык документтердин салыштырмалуулугу (эквиваленттүүлүгү) анын ээлерин кайрадан аттестациялоо процессинде аныкталат.
Кыргыз Республикасында жана Россия Федерациясында берилген квалификациялык документтердин ээлерин кайрадан аттестациялоо тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
2-берене.
Кыргыз тарабынын ыйгарым укуктуу органы катары Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы, Россия тарабынан - Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлиги эсептелет.
3-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары:
аттестациянын улуттук системаларынын өнүктүрүү концепцияларын, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоого карата талаптарды, ошондой эле илимий кызматкерлердин адистиктеринин улуттук тизмелерин (номенклатураларын) иштеп чыгууда өз ара консультацияларды өткөрүшөт;
жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системаларында окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөргө коюлуучу негизги талаптардын салыштырмалуулугун камсыз кылышат.
4-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында кызматташууну төмөнкү жолдор аркылуу өнүктүрүшөт:
өз аймактарында диссертацияларды коргоо боюнча кеңештерде экинчи Тараптын мамлекетинин изденүүчүлөрүнө диссертациясын коргоо үчүн бирдей шартты түзүү;
Тараптардын мамлекеттеринин жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларын аттестациялоочу мамлекеттик системаларындагы өзгөрүүлөр жөнүндө өз учурунда өз ара маалымат берүү, ушул кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча тиешелүү нормативдик укуктук актыларды жана башка материалдарды алмашып туруу;
жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо процессин башкаруу тажрыйбасын алмашуу боюнча аны өркүндөтүүгө багытталган зарыл болгон биргелешкен иш-чараларды өткөрүү.
5-берене.
Диссертацияларды экспертизалоонун сапатын жогорулатуу үчүн Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары төмөнкүлөр боюнча көмөк көрсөтүшөт:
Экинчи Тараптын мамлекетинин көрүнүктүү окумуштууларынын жана адистеринин диссертацияларды коргоо боюнча кеңештеринин ишине, ошондой эле диссертацияларды коргоодо оппонент катары катышууларына;
экинчи Тараптын диссертацияларды коргоо боюнча кеңештеринде корголгон диссертацияларды кошумча экспертизалоону өз аймагындагы диссертацияларды коргоо боюнча кеңештерде өткөрүүгө.
6-берене.
Бул Макулдашууга катышуу Тараптардын жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында кызматташуунун башка формаларын пайдалануу укуктарын чектебейт.
7-берене.
Бул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан конкреттүү маселелер боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген кошумча макулдашууларга жана протоколдорго кол коюлушу мүмкүн.
8-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
9-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу маселелери боюнча пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу аларды чечишет.
10-берене.
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө акыркы билдирүү келип түткөн күндөн тартып күчүнө кирет.
Макулдашуу беш жыл бою жарактуулугун жоготпойт жана Тараптардын бири кезектеги мөөнөттүн бүтүшүнө чейин алты ай мурда анын колдонулушун токтотуу ниети тууралуу жазуу жүзүндө билдирбесе кийинки беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат.
___________ шаарында 200__-жылдын "___"__________ ар бири кыргыз жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун текстин чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн