Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-июну № 304-б
Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрү,
Глобалдык маалыматтык мейкиндикти түзүүчү жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана каражаттарды өнүктүрүүдө жана ишке киргизүүдө олуттуу прогрессти белгилөө менен,
жарандык жана аскердик чөйрөлөргө карата колдонулуучу эл аралык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо милдеттери менен шайкеш келбеген максаттарда ушундай технологияларды жана каражаттарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү менен байланышкан коркунучтарга болгон тынчсыздануусун билдирүү менен,
эл аралык коопсуздук системасынын негизги элементтеринин бири катары эл аралык маалыматтык коопсуздукка олуттуу маани берүү менен,
эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча Тараптардын өз ара ишенимин андан ары тереңдетүү жана өнүктүрүү милдеттүү зарылчылык экендигине жана алардын таламдарына жооп берерине ишенүү менен,
ошондой эле адамдын жана жарандын укуктарын жана негизги эркиндигин камсыздоодо маалыматтык коопсуздуктун зор маанисин көңүлгө алуу менен,
БУУнун Башкы Ассамблеясынын "эл аралык коопсуздук контекстинде маалыматтык жана телекоммуникациялык чөйрөсүндөгү жетишкендиктер" деген резолюциясынын сунуштарын эске алуу менен,
эл аралык маалыматтык коопсуздук коркунучтарын чектөөгө, Тараптардын мамлекеттеринин маалыматтык коопсуздук таламдарын камсыздоого жана тынчтык, кызматташуу жана гармония мүнөздүү болгон эл аралык маалыматтык чөйрөнү түзүүгө умтулуу менен,
эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында Тараптардын кызматташуусунун укуктук жана уюштуруу негиздерин түзүүнү каалоо менен,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Терминдер жана түшүнүктөр
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу алкагында Тараптардын өз ара аракеттенүүлөрү максатында ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелген 1-тиркемеде ("Эл аралык маалыматтык коопсуздук жаатында негизги терминдердин жана түшүнүктөрдүн тизмеси") келтирилген макулдашылган терминдер жана түшүнүктөр колдонулат.
Бул терминдер жана түшүнүктөр тизмесинин мазмуну зарылдыгына жараша Тараптардын макулдашуусу боюнча толукталышы, такталышы жана жаңыланып турушу мүмкүн.
2-берене. Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында
негизги коркунучтар
Бул Макулдашууга ылайык кызматташууну ишке ашырууда Тараптар Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында төмөнкүдөй негизги коркунучтардын болушуна жараша аракеттенишет:
1. Маалыматтык куралды иштеп чыгуу жана колдонуу, маалыматтык согушту даярдоо жана жүргүзүү.
2. Маалыматтык терроризм.
3. Маалыматтык кылмыш.
4. Маалыматтык мейкиндикте башка мамлекеттердин таламдарына жана коопсуздугуна зыян келтирүүчү үстөмдүк абалын пайдалануу.
5. Башка мамлекеттердин коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык системаларына, рухий, адеп-ахлактык жана маданий чөйрөсүнө зыян келтирүүчү маалыматтын жайылтылышы.
6. Жаратылыштык жана/же техногендик мүнөзгө ээ глобалдуу жана улуттук маалыматтык инфраструктураларынын коопсуз жана туруктуу иштешине карата коркунучтар.
Жогоруда айтылган негизги коркунучтардын болушун Тараптардын макулдашылган түшүнүүсү ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелген 2-тиркемеде ("Эл аралык маалыматтык коопсуздук жаатында коркунучтардын түрлөрүнүн, алардын булактарынын жана белгилеринин тизмеси) келтирилген.
Бул тизмесинин мазмуну зарылдыгына жараша Тараптардын макулдашуусу боюнча толукталышы, такталышы жана жаңыланып турушу мүмкүн.
3-берене. Кызматташуунун негизги багыттары
Бул Макулдашуунун 2-беренесинде берилген коркунучтарды эске алуу менен Тараптар, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ушул Макулдашуунун 5-беренесине ылайык аныкталуучу ошондой эле улуттук компетенттүү органдар эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында төмөнкү негизги багыттар боюнча кызматташууну ишке ашырышат:
1. Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында биргелешкен зарыл чараларды аныктоо, макулдашуу жана ишке ашыруу.
2. Ушул чөйрөдө келип чыгуучу коркунучтарга мониторинг жүргүзүү жана биргелешкен таасир берүү системасын түзүү.
3. Улуттук жана коомдук коопсуздуктун коргонуу жөндөмдүүлүгүнө коркунуч түзүүчү маалыматтык куралды жайылтылышын жана колдонулушун чектөө жаатында эл аралык укуктун нормаларын өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу.
4. Террористтик максаттарга маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу коркунучуна каршы аракеттенүү.
5. Маалыматтык кылмышкерликке каршы аракеттенүү.
6. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында ушул Макулдашуунун максаттары үчүн зарыл болгон экспертизаларды, изилдөөлөрдү жана баалоолорду жүргүзүү.
7. Интернет глобалдык тармагынын коопсуз жана туруктуу иштешин жана башкарылышын интернационализациялоону камсыздоого көмөктөшүү.
8. Улуттук критикалык маанилүү түзүмдөрүнүн маалыматтык коопсуздугун камсыздоо.
9. Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоого жөндөм түзүүчү биргелешкен ишеним чараларын иштеп чыгуу жана жүргүзүү.
10. Транс чек аралык маалымат алмашууда электрондук цифралык кол тамганы жана маалыматты коргоону пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу боюнча макулдашылган саясатты жана уюштуруу-техникалык жол-жоболорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
11. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча улуттук мыйзамдар жөнүндө маалымат алмашуу.
12. эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоого Тараптардын кызматташуусунун эл аралык укуктук базасын жана практикалык механизмдерди өркүндөтүү.
13. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында тараптардын улуттук компетенттүү органдарынын өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү.
14. Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо проблемалары боюнча эл аралык уюмдардын жана форумдардын алкагында позицияларды координациялоо.
15. Маалыматтык коопсуздук жаатында тажрыйба алмашуу, адистерди даярдоо Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана эксперттеринин жумушчу жолугушууларын, конференцияларын, семинарларын жана башка форумдарын өткөрүү.
16. Ушул беренеде келтирилген негизги багыттар боюнча кызматташууну жүргүзүү менен байланышкан маселелер боюнча маалымат алмашуу.
Тараптар же алардын улуттук компетенттүү органдары өз ара келишүү боюнча кызматташуунун башка багыттарын аныкташы мүмкүн.
4-берене. Кызматташуунун негизи принциптери
1. Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында эл аралык маалыматтык мейкиндикте кызматташууну жана өзүнүн ишмердигин социалдык жана экономикалык өнүгүшүнө жөндөм түзүүчү шартта жүргүзүшөт. Алардын ишмердиги эл аралык туруктуулукту жана коопсуздукту колдоо милдеттерине шайкеш келиши керек жана талаш-тартыштарды, жаңжалдарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу, күч колдонбоо, ички иштерге кийлигишпөө, адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин сыйлоо принциптерин, ошондой эле региондук кызматташуу жана улуттук маалыматтык ресурстарына кийлигишпөө принциптерин кошуп алганда эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерине жана нормаларына шайкеш келиши керек.
2. Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын ишмердиги ар бир Тараптын улуттук жана коомдук коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо максатында мындай укуктар мыйзамдарда чектелишин эске алуу менен маалымат издөө, алуу жана жайылтуу укуктарына шайкеш келиши керек.
3. Ар бир Тарап өзүнүн улуттук маалыматтык ресурстарынын жана өтө маанилүү түзүмдөрүнүн укуксуз пайдалануудан жана санкциясы жок кийлигишүүдөн, анын ичинде аларга маалыматтык кол салуулардан корголушуна тең укуктарга ээ.
Тараптардын ар бири экинчи Тарабына карата мындай иш-аракеттерди колдонушпайт жана жогоруда аталган укуктарды ишке ашырууда башка Тараптарга көмөк көрсөтүшөт.
5-берене. Кызматташуунун негизги формалары жана механизмдери
1. Бул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып алтымыш күндүн ичинде Тараптар Депозитарий аркылуу ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу улуттук компетенттүү органдары жана кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча маалымат менен түз алмашуу каналдары тууралуу маалыматтар менен өз ара алмашышат.
2. Бул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүн кароо, маалымат алмашуу, маалыматтык коопсуздукка карата пайда болгон коркунучтарды талдоо жана биргелешип баалоо жүргүзүү, ошондой эле ушундай коркунучтарга таасир этүүнүн биргелешкен чараларын аныктоо, макулдашуу жана координациялоо максатында мындай коркунучтарга Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана улуттук компетенттүү органдарынын консультацияларын (мындан ары консультациялар) Тараптар туруктуу негизде жүргүзүшөт.
Кезекки консультациялар Тараптардын макулдашуусу боюнча эреже катары ШКУнун секретариатында жарым жылда бир жолу же Тараптардын биринин мамлекетинин аймагында анын чакыруусу боюнча жүргүзүлөт.
Тараптардын ар бири каалоосу боюнча Тараптардын ар биринин жана ШКУнун секретариатынын макулдашуусу үчүн мөөнөтүн жана өткөрүлүүчү ордун, ошондой эле күн тартибин көрсөтүү менен кезексиз консультацияларды өткөрүү демилгесин көтөрө алат.
3. Ушул Макулдашууда каралган кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү Тараптар Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу улуттук компетенттүү органдарынын линиясы боюнча жүргүзө алат.
4. Конкреттүү багыттар боюнча кызматташуунун укуктук жана уюштуруу негиздерин түзүү максатында улуттук компетенттүү органдар ведомстволор аралык мүнөздөгү тиешелүү сүйлөшүүлөрдү түзө алышат.
6-берене. Маалыматты коргоо
1. Бул Макулдашуу кызматташуунун алкагында маалымат берүү боюнча Тараптарга милдеттенме жүктөбөйт жана кызматташуунун алкагында эгерде мындай маалыматтын ачылышы Тараптардын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирсе маалымат берүү үчүн негиз болуп эсептелбейт.
2. Бул Макулдашууга ылайык кызматташуунун алкагында Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырга жана/же мамлекеттик жашыруунга таандык маалымат менен алмашууну Тараптар жүргүзүшпөйт. Ушул Макулдашууну аткаруу максатында конкреттүү учурларда зарыл болуп эсептелген маалыматтарды берүү жана аны менен алмашуу тартиби Тараптардын ортосунда тиешелүү келишимдердин негизинде жана шарттарда жөнгө салынат.
3. Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуунун жүрүшүндө Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана/же тиешелүү нормативдик укуктук актыларына ылайык жетүүгө жана жайылтууга чек коюлган Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары боюнча мамлекеттик сыр жана/же мамлекеттик жашыруун маалыматтарга таандык болбогон өткөрүп берилүүчү же түзүлүүчү маалыматтын тийиштүү корголушун Тараптар камсыздайт.
Мындай маалыматты коргоо алуучу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына жана/же тиешелүү нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. Мындай маалымат ушул маалыматтын алгачкы булагы болуп эсептелген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ачылбайт жана берилбейт.
Мындай маалымат Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана/же тиешелүү нормативдик актыларына ылайык тиешелүү түрдө аныкталышы керек.
7-берене. Каржылоо
Бул Макулдашууну аткаруу боюнча тиешелүү иш-чараларга өздөрүнүн өкүлдөрүнүн жана эксперттеринин катышуусу боюнча чыгымдарды Тараптар өз алдынча көтөрөт.
Бул Макулдашууну аткаруу менен байланышкан башка чыгымдар боюнча Тараптар ар бир өзүнчө учурда өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык каржылоонун башка тартибин макулдашып алуулары мүмкүн.
8-берене. Башка эл аралык келишимдерге карата колдонулушу
Бул Макулдашуу Тараптардын алардын мамлекеттери катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдер боюнча укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
9-берене. Талаштарды чечүү
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу пайда болгон талаш маселелерди Тараптар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.
10-берене. Иште колдонулуучу тилдер
Бул Макулдашуунун алкагында кызматташтыкты жүзөгө ашырууда орус жана кытай тилдери колдонулат.
11-берене. Депозитарий
Бул Макулдашуунун Депозитарийи болуп ШКУнун катчылыгы эсептелет.
Бул Макулдашуунун түп нускасы Депозитарийде сакталат, ага кол коюлган күндөн баштап он беш күндүн ичинде Депозитарий анын ырасталган көчүрмөлөрүн Тараптарга жиберет.
12-берене. Корутунду жоболор
1. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүңдөгү төртүнчү кабарлоону Депозитарий алган күндөн баштап он үч күндөн кийин күчүнө кирет. Мамлекеттик ички жол-жоболорду кеч аткарган Тарап үчүн ушул Макулдашуу Депозитарий анын тиешелүү кабарлоосун алган күндөн баштап он үч күндөн кийин күчүнө кирет.
2. Өз ара макулдашуу боюнча Тараптар Макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү сунуш кылышы мүмкүн, алар өзүнчө протокол менен таризделет.
3. Бул Макулдашуу кандайдыр бир мамлекетке же уюмга каршы багытталган эмес жана Макулдашуу күчүнө киргенден кийин ушул Макулдашуунун максаттарына жана принциптерине макул болгон мамлекеттин кошулуусу үчүн ачык болуп эсептелип, ал кошулуу жөнүндө документти Депозитарийге берүү жолу менен жүргүзүлөт. Ушул Макулдашууга кол койгон жана ага кошулуп жаткан мамлекеттердин ушундай кошулууга макулдугу жөнүндө акыркы кабарлоону Депозитарий алган күндөн баштап кошулган мамлекет үчүн ушул Макулдашуу он үч күндүн ичинде күчүнө кирет.
4. Ар бир Тарап Макулдашуудан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону болжолдонгон чыгуу күнүнөн токсон күн мурда Депозитарийге жиберип, ушул Макулдашуудан чыга алат. Макулдашуудан чыгуу жөнүндө Тараптын кабарлоосун алган күндөн баштап Депозитарий ушундай ниет жөнүндө башка Тараптарды он үч күндүн ичинде кабарлайт.
5. Бул Макулдашууну колдонуу токтотулган учурда Тараптар Макулдашуунун алкаганда жүргүзүлүүчү жана Макулдашууну колдонуу аяктаган учурда бүтө элек маалыматты коргоо боюнча милдеттенмелерди, ошондой эле мурда макулдашылган биргелешкен иштерди, долбоорлорду жана башка иш-чараларды толук аткаруу боюнча чараларды көрүшөт.
2009-жылдын _________ ____________ шаарында орус жана кытай тилдеринде бир түп нускада түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Казакстан Республикасынын Россия Федерациясынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Кытай Эл Республикасынын Тажикстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
| 1-тиркеме |
Маалымат коопсуздугу - адамдын, коомдун, мамлекеттин жана алардын кызыкчылыктарынын маалымат мейкиндигиндеги деструктивдүү жана башка терс таасирлердин коркунучтарынан корголушунун абалы.
Маалымат согушу - маалымат системаларына, процесстерине жана ресурстарына, кризистик маанилүү жана башка түзүмдөргө зыян келтирүү, саясий, экономикалык жана социалдык системаларды бузуу, коомдун жана мамлекеттин туруктуулугун бузуу үчүн калкка жалпы психологиялык жактан таасир берүү, ошондой эле карама-каршы тараптын кызыкчылыгындагы чечимдерди кабыл алууга мамлекетти мажбурлоо максатында эки же андан көп мамлекеттин ортосундагы маалымат мейкиндигиндеги күрөшү.
Маалымат инфраструктурасы - маалыматты калыптандыруунун, түзүүнүн, кайрадан өзгөртүүнүн, берүүнүн, пайдалануунун жана сактоонун техникалык каражаттарынын жана системаларынын жыйындысы.
Маалымат куралы - маалымат согушун жүргүзүү максатында колдонулуучу маалымат технологиялары, каражаттары жана методдору.
Маалымат кылмышы - укукка карама-каршы келген максаттарда маалымат ресурстарын колдонуу жана/же аларга маалымат мейкиндигинде таасир берүү.
Маалымат мейкиндиги - таасир берүүчү, анын ичинде жеке жана коомдук аң-сезимге, маалымат инфраструктурасына жана маалыматка таасир берүүчү маалыматты калыптандыруу, түзүү, кайрадан өзгөртүү, берүү, пайдалануу, сактоо менен байланышкан иштин чөйрөсү.
Маалымат ресурстары - маалымат инфраструктурасы, ошондой эле маалымат жана анын агымдары.
Маалымат террорчулугу - террордук максаттарда маалымат ресурстарын колдонуу жана/же аларга маалымат мейкиндигинде таасир берүү.
Кризистик маанилүү түзүмдөр - мамлекеттин объекттери, системалары жана институттары, аларга таасир берүү адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун кошкондо, улуттук коопсуздукка түздөн түз тийүүчү кесепеттерге ээ болот.
Эл аралык маалыматтык коопсуздук - маалымат мейкиндигинде дүйнөлүк туруктуулуктун бузулушун жана мамлекеттердин жана дүйнөлүк коомчулуктун коопсуздугуна болуучу коркунучтун түзүлүшүн жокко чыгаруучу эл аралык мамилелердин абалы.
Маалымат ресурстарын мыйзамсыз колдонуу - маалымат ресурстарын тиешелүү укугу жок же белгиленген эрежелерди, улуттук мыйзамдарды же эл аралык укукту бузуу менен колдонуу.
Маалымат ресурстарына санкцияланбаган кийлигишүү - маалыматты калыптандыруу, түзүү, иштетүү, кайрадан түзүү, берүү, пайдалануу, сактоо процесстерине мыйзамсыз жок таасир берүү.
Маалымат коопсуздугунун коркунучу - маалымат мейкиндигинде адамга, коомго, мамлекетке жана алардын кызыкчылыктарына коркунуч келтирүүчү факторлор.
| 2-тиркеме |
1. Маалымат куралын иштеп чыгуу жана колдонуу, маалымат согушуна даярдык кылуу жана жүргүзүү.
Мамлекеттин кризистик маанилүү түзүмдөрү үчүн түздөн түз коркунуч келтирген маалымат куралын түзүү жана өнүктүрүү коркунучтун булагы болуп эсептелет, ал жаңы жапырт куралданууга алып келиши мүмкүн жана эл аралык маалыматтык коопсуздук жаатындагы негизги коркунуч болуп саналат.
Анын негизги белгилери болуп төмөнкүлөр эсептелет: маалымат согушуна даярдык көрүү жана жүргүзүү, ташуулардын, коммуникациялардын системаларына жана коргоонун абадагы кыймылды башкаруу, ракетага каршы жана башка объекттеринин түрлөрүнө таасир берүү максатында маалымат куралын колдонуу, анын айынан мамлекет баскынчылыктан коргонуу жөндөмдүүлүгүн жоготуп, өзүн коргоонун мыйзамдуу укугун пайдалана албай калат; маалымат инфраструктурасынын объекттеринин иштөөсүн бузуу, анын айынан мамлекеттердеги башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу системасы иштебей калат; кризистик маанилүү түзүмдөргө бузуучу таасир берүү.
2. Маалымат террорчулугу.
Өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин маалымат ресурстары аркылуу же аларга карата жүргүзүүчү террордук уюмдар жана террордук ишке тийиштүү болгон адамдар коркунучтун булагы болуп эсептелет.
Анын белгилери болуп төмөнкүлөр эсептелет: террордук ишти жүргүзүү жана өздөрүнүн катарына жаңы тарапкерлерди тартуу үчүн террордук уюмдар тарабынан маалымат тармактарын колдонуусу; маалымат ресурстарына коомдук тартиптин бузулушуна алып келүүчү деструктивдүү таасир берүү; жалпыга маалымат берүүнүн каналдарын контролдоо же аларга бөгөт коюу; террорчулукту кеңири жайылтуу, коомдо коркунучтун жана үрөй учуруунун абалдарын түзүү үчүн Интернетти же башка маалымат тармактарын колдонуу, ошондой эле маалымат ресурстарына башка терс таасир берүүлөр.
3. Маалымат кылмыштуулугу.
Маалымат ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууну же ушундай ресурстарга кылмыш максаттарында санкцияланбаган кийлигишүүнү жүргүзгөн адамдар же уюмдар коркунучтун булагы болуп эсептелет.
Анын белгилери болуп төмөнкүлөр эсептелет: маалыматтын бүтүндүгүн, жеткиликтүүлүгүн жана купуялуулугун бузуу үчүн маалымат системаларына кирүү; компьютердик вирустарды жана башка зыян келтирүүчү программаларды атайын даярдоо жана жайылтуу; DOS-чабуулдарын (denial of servise) жана башка терс таасир берүүлөрдү жүргүзүү; маалымат ресурстарына зыян келтирүү; жарандардын маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин, анын ичинде интеллектуалдык менчик укуктарын жана жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу; алдамчылык, уурдоо, опузалап тоноо, контрабанда, баңгизаттары менен мыйзамсыз соода кылуу, балдар порнографиясын жайылтуу ж.б. сыяктуу кылмыштарды кылуу үчүн маалымат ресурстарын жана методдорун пайдалануу.
4. Маалымат мейкиндигиндеги артыкчылыктуу абалын башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына зыян келтирип пайдалануу.
Ар кандай мамлекеттердеги маалыматтык технологиялардын өнүгүүсүнүн текши эместиги жана өнүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн ортосундагы "санариптик ажырымдын" көбөйүү тенденциясы коркунучтун булагы болуп эсептелет. Маалымат технологияларын өнүктүрүүдөгү артыкчылыгы бар айрым мамлекеттер башка өлкөлөрдүн өнүгүүсүн жана маалымат технологияларына ээ болуусун атайын чектешет, мунун өзү маалыматтык мүмкүнчүлүгү жетиштүү эмес мамлекеттер үчүн олуттуу коркунучтун пайда болушуна алып келет.
Анын белгилери болуп төмөнкүлөр эсептелет: программдык камсыздоону жана маалымат инфраструктурасынын жабдууларын өндүрүүнү монополияга айлантуу, эл аралык маалыматтык-технологиялык кызматташтыкка мамлекеттердин катышуусун чектөө, бул ушул өлкөлөрдүн өнүгүшүнө бөгөт болот жана алардын кыйла өнүккөн өлкөлөргө болгон көз карандылыгын көбөйтөт. Башка өлкөлөрдүн маалымат ресурстарын жана/же кризистик маанилүү түзүмдөрүн контролдоо жана таасир берүү үчүн ушул өлкөлөргө жеткирилүүчү программдык камсыздоого жана жабдууларга жашырын мүмкүнчүлүктөрдү жана функцияларды кошуу. Мамлекеттердин кызыкчылыктарына жана коопсуздугуна зыян келтирип, маалымат технологиялар жана продукттар рыногун контролдоо жана монополияга айлантуу.
5. Башка мамлекеттердин коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык системаларына, руханий, адеп-ахлактык жана маданий чөйрөлөрүнө зыян келтирүүчү маалыматтарды жайылтуу.
Башка мамлекеттердин коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык системаларына, руханий, адеп-ахлактык жана маданий чөйрөлөрүнө зыян келтирүүчү маалыматтарды жайылтуу үчүн маалымат инфраструктурасын пайдалануучу мамлекеттер, уюмдар, адамдардын топтору же жеке жактар коркунучтун булагы болуп эсептелет.
Анын белгилери болуп электрондук (радио жана телекөрсөтүү) жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернетте жана маалымат алмашуунун башка тармактарында төмөнкүдөй маалыматтардын пайда болушу жана нускаларынын көбөйүшү эсептелет:
мамлекеттеги саясий система, коомдук түзүлүш, тышкы жана ички саясат, маанилүү саясий жана коомдук процесстер жөнүндө, анын калкынын руханий, адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктары тууралуу түшүнүктөрдү бурмалаган;
террорчулуктун, сепаратизмдин жана экстремизмдин идеяларын кеңири жайылткан;
улуттар аралык, расалар аралык жана конфессиялар аралык каршылыкты күчөткөн.
6. Глобалдуу жана улуттук маалымат инфраструктураларынын коопсуз, туруктуу иштөөсүнө келтирилген табигый жана/же техногендик мүнөздөгү коркунучтар.
Күтүүсүз же узак процесстердин айынан пайда болуп, мамлекеттин маалымат ресурстарына масштабдуу талкалоо таасирин тийгизүүгө жөндөмдүү табигый кырсыктар жана башка коркунучтуу табигый кубулуштар коркунучтун булагы болуп эсептелет.
Анын белгилери болуп төмөнкүлөр эсептелет: маалымат инфраструктураларынын объекттеринин иштөөсүнүн бузулушу, демек кризистик маанилүү түзүмдөрдүн, башкаруунун жана чечимдерди кабыл алуунун мамлекеттик системасынын бузулушу, мунун кесепети мамлекеттин жана коомдун коопсуздугуна түздөн түз таасирин тийгизет.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.