Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-июну № 308-б
Көмүскө экономиканы легалдаштыруу жана Кыргыз Республикасында адилет атаандаштыкты колдоо максатында:
1. «Түндүкэлектр» ачык акционердик коомунун ички кассаларын жабуу жана коммерциялык банктардын кассалары жана төлөм терминалдары аркылуу накталай эмес формада Бишкек шаары боюнча электр энергиясы үчүн төлөм жүргүзүү боюнча иш-чаралардын тиркелген планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
2. «Түндүкэлектр» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасы, «Манас Банк» жабык акционердик коому, «Азия Универсал Банк» ачык акционердик коому жана «ЭСКБанк» ачык акционердик коому менен бирдикте Иш-чаралар планын жүзөгө ашырууну камсыздасын;
- 2009-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалымат берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-инундагы № 308-б Буйругу менен бекитилген |
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар |
1. | Абонеттин алыш-бериш эсебинен «Түндүкэлектр» ААКнын алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен төлөө мүмкүнчүлүгү боюнча абонеттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Дайыма | «Түндүкэлектр» ААК |
2. | «Түндүкэлектр» ААКнын Бишкек шаарындагы башкы офисиндеги жана райондук бөлүмдөрүндөгү ички кассалар аркылуу электр энергиясы үчүн калктан төлөмдөрдү кабыл алууну аяктоо | 2009-жылдын 15-июнунан баштап | «Түндүкэлектр» ААК |
3. | «Түндүкэлектр» ААКнын башкы офисинде жана райондук бөлүмдөрүндө төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кассаларды ачуу жана терминалдарды орнотуу | 2009-жылдын 15-июлуна чейин | «Манас Банк» ЖАК, «АзияУниверсалБанк» ААК, «ЭСК Банк» ААК, «Түндүкэлектр» ААК |
4. | Керектелген электр энергиясын эсепке алуу жана абоненттер төлөгөн суммалар боюнча контролдоону, текшерүүнү жана оңдоо киргизүүнү камсыз кылуу | 2009-жылдын 15-июнунан баштап | «Түндүкэлектр» ААК |
5. | Калктын электр энергиясы үчүн эсептелген суммаларды «Түндүкэлектр» ААКы менен такташуусу боюнча өз ара иш алып барууну камсыз кылуу үчүн телефон аркылуу «түз» байланыштарды уюштуруу | 2009-жылдын 15-июнунан баштап | «Түндүкэлектр» ААК |
6. | Абоненттердин жашаган жери боюнча төлөмдөрдү топтогон контролерлор тарабынан чогулган суммалардын банктардын кассасындагы «Түндүкэлектр» ААКнын алыш-бериш эсебине тапшырылышын камсыз кылуу | Дайыма | «Түндүкэлектр» ААК, «Манас Банк» ЖАК, «Азия Универсал Банк» ААК, «РСК Банк» ААК |
7. | Электр энергиясы үчүн бардык төлөмдөрдүн «Түндүкэлектр» ААКнын алыш-бериш эсебине кабыл алынышын камсыз кылуу | Дайыма | Коммерциялык банктар |
8. | Банктар менен «Түндүкэлектр» ААКнын ортосунда электрондук түрдегү төлөмдөрдүн кабыл альшышын, берилишин жана такталышын камсыз кылуу | Дайыма | «Түндүкэлектр» ААК, «Азия Универсал Банк» ААК, «РСК Банк» ААК, «Манас Банк» ЖАК |
9. | «Түндүкэлектр» ААКнын алыш-бериш эсебине электр энергиясы үчүн чогултулган суммаларды кун сайын которуу | Дайыма | «Кыргызпочтасы» МИ |
10. | Абоненттердин жашаган жерине барып төлөмдөрдү даректүү чогулткан контролерлордун эмгек акысын жогорулатуу | 2009-жылдын 15-июнунан баштап | «Түндүкэлектр» ААК |
11. | Калкка туруктуу кызмат көрсөтуүчу ишканалардын ички кассаларын этаптуу жабуу планын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча андан аркы чараларды керүү үчүн Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берүү | 2009-жылдын 30-ноябрына чейин | «Түндүкэлектр» ААК, «Азия Универсал Банк» ААК, «ЭСК Банк» ААК, «Манас Банк» ЖАК |