Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-июну № 314-б
«Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги белгиленген тартипте:
- 1998-жылы чыккан, кузов № JNZCCUA32Z0026827, кыймылдаткыч № VQ300604702А «Ниссан-Максима» маркасындагы автомашинаны К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин балансына өткөрүп берсин;
- К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин балансынан 1997-жылы чыккан, кузов № WDB2100651А402912, кыймылдаткыч № 11294130005952 «Мерседес-Бенц 320» маркасындагы автомашинаны кабыл алсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |