Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-июну № 317-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун (Кыргыз Республикасы) акцияларынын пакетинин Кыргыз Республикасына таандык бөлүгүн менчиктештирүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,
Россия Федерациясынын Министрлер кеңеши - Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 1993-жылдын 2-мартындагы Нефти жана газ өнөр жайын өнүктүрүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууга таянышып,
Кыргыз Республикасынын аймагына жаратылыштык газды алып келүү жана бөлүштүрүү жагында өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүнү каалашып,
өз ара кызыкчылыктарды жана "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетинин Кыргыз Республикасына таандык бөлүгүн менчиктештирүүнүн алкагында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү ниеттерин көңүлгө алышып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Тараптар "Газпром" ачык акционердик коому (Россия Федерациясы) (мындан ары "Газпром" ААК) "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун (Кыргыз Республикасы) (мындан ары - "Кыргызгаз" ААК) акцияларынын Кыргыз Республикасына таандык пакетин анын уставдык капиталынын 75 процент плюс 1 акция өлчөмүндө менчиктештирүүгө катышуусун камсыздашат.
Бул Макулдашуунун максаты үчүн:
1. "Инвестор" деген термин Тараптардын ар бири боюнча, юридикалык жак өз Тарабынын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык башка Тараптын мамлекетинин аймагында инвестицияларды ишке ашырууга укуктуу болгон шарт менен ал Тараптын мамлекетинин аймагында колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык түзүлгөн юридикалык жакты билдирет.
2. "Инвестиция" деген термин бир Тараптын мамлекетинин инвестору башка Тараптын мамлекетинин аймагында анын мыйзамдарына ылайык салуучу мүлктүк жана интеллектуалдык баалуулуктардын бардык түрлөрүн камтыйт, атап айтканда:
а) кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, ошондой эле тийиштүү мүлктүк укуктар;
б) акчалай каражаттар, ошондой эле акциялар. Салымдар жана катышуунун башка формалары;
в) экономикалык баалуулуктарды түзүү үчүн салынган акча каражаттар же инвестицияларга байланыштуу экономикалык баасы бар кызмат көрсөтүүлөр боюнча талап кылуу укугу;
г) интеллектуалдык менчиктин объекттерине жеке укуктар (автордук укуктар, ойлоп табууларга, өнөр жайлык үлгүлөргө, пайдалуу моделдерге, товардык белгилерге же тейлөө кызматтарына, фирмалык аталыштарга, технологияга, коммерциялык баасы бар информацияга жана "ноу-хау'га" укуктар;
д) мыйзамдын же келишимдин негизинде жүргүзүлчү ишкердикке укук, анын ичинде атап айтканда, табигый ресурстарды чалгындоого, иштетүүгө жана эксплуатациялоого укуктар.
Мүлктүк баалуулуктар салынган же реинвестицияланган форманын ар кандай өзгөрүүлөрү андай өзгөрүү аймагына ошол инвестициялар салынган Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына каршы келбеген шартта алардын инвестиция катары сапатына таасир этпейт.
3. "Киреше" деген термин ушул статьянын 2-пунктуна ылайык инвестициялардын натыйжасында алынчу суммаларды билдирет жана атап айтканда төмөнкүлөрдү камтыйт: киреше, дивиденддер, проценттер, лицензиялык жана комиссиялык акылар, ошондой эле башка акылар.
4. "Аймак" деген термин Кыргыз Республикасынын же Россия Федерациясынын аймагын билдирет.
5. "Тараптын мамлекетинин мыйзамы" деген термин Кыргыз Республикасынын же Россия Федерациясынын мыйзамдарын билдирет.
2-статья.
Тараптар "Газпром" ААК "Кыргызгаз" ААКнын акцияларынын Кыргыз Республикасына таандык пакетин (мындан ары - Акциялар пакети) анын уставдык капиталынын 75 процент плюс 1 акция өлчөмүндө менчиктештирүүгө катышуусун камсыздашат.
3-статья.
"Кыргызгаз" ААКнын Акциялар пакетин менчиктештирүү аны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети "Газпром" ААКнын пайдасына түз сатуу (мындан ары - Долбоор) жолу менен ишке ашырылат.
"Кыргызгаз" ААКнын Акциялар пакетин "Газпром" ААКнын пайдасына сатуунун баасы анын рыноктук наркын көз карандысыз баалоонун негизинде аныкталат.
4-статья.
Долбоорду төмөндөгү уюмдар ишке ашырышат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети,
Россия Федерациясынын Өкмөтү тараптан - "Газпром" ААК,
Мындан ары - ыйгарым укуктуу уюмдар деп аталышат.
5-статья.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана "Газпром" ААК Долбоорду макулдашканына жана ишке ашырышаарына таянышат, бул анын ичинде төмөнкүлөрдү камтыйт:
"Кыргызгаз" ААКнын менчигинде турган жаратылыштык газды өткөрүү жана бөлүштүрүү объекттерине эксперттик изилдөө жүргүзүү жана техникалык абалын баалоо;
"Кыргызгаз" ААКнын акцияларынын пакетинин рыноктук наркына көз каранды эмес экспертиза жүргүзүү;
Долбоорду ишке ашыруу зарылдыгынын финансылык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу.
6-статья.
Тараптар Долбоорду ыйгарым укуктуу уюмдардын ортосунда түзүлүүчү "Кыргызгаз" ААКнын Акциялар пакетин сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде ишке ашырып баштоону камсыздашат.
7-статья.
Тараптар Долбоорго катышуучу ыйгарым укуктуу уюмдарга колдоо көрсөтүшөт жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык аларга ыңгайлуу шарттарды түзүшөт.
Мындай чаралар коомдук кызыкчылыгы үчүн көрүлгөндөн жана дискриминациялуу эмес болуп, тез, адекваттуу жана майнаптуу компенсация төлөө менен коштолгондон башка учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун Кыргыз Республикасынын аймагындагы инвестициялары жана кирешелери Кыргыз Республикасынын толук жана шексиз колдоосунан пайдаланаарын жана түз же кыйыр түрдөгү экспроприацияга, улутташтырууга, ошондой эле натыйжасы боюнча экспорпориацияга, улутташтырууга жана реквизицияга барабар башка чараларга дуушарланбастыгын гарантиялайт.
Компенсация экспроприация ишке ашканы же болгону жатканы жөнүндө белгилүү болгон учурдун өзүнө чейин экспроприацияланчу инвестициялардын реалдуу наркына ылайык болууга тийиш. Компенсация негизсиз кечиктирбестен жана эркин өтүмдүү валютада төлөнүүгө жана бир Тараптын аймагынан экинчи Тараптын аймагына эркин которулууга тийиш. Төлөнгөн учурга чейин компенсациянын суммасына Россия Федерациясында белгиленген процентке эсептик ставка боюнча проценттер кошулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Газпром" ААКнын инвестицияларына карата улуттук режимди же кыйла ыңгайлуу режимди алардын кайсынысы кыйла ыңгайлуураак экенине жараша гарантиялайт.
Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүнө берилчү жаратылыштык газга тариф белгилөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
Эгер Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамдары жана нормативдик укуктук актылары күчүнө кирил жана аларда Долбоор ишке ашырыла баштаган күнгө карата колдонулуп жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка нормативдик укуктук актыларына жараша жалпы салыктык оорчулукка жана режимге салыштырганда Долбоордун коммерциялык натыйжасын начарлатуучу нормалар белгиленсе, же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жана алар Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун инвестицияларына салыктын жалпы оорчулугу көбөйүшүнө алып келсе, анда Кыргыз Республикасынын мындай жаңы мыйзамдары жана нормативдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына киргизилчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун долбоорду ишке ашырууга инвестициялары толугу менен кайрылып бүткөн мөөнөткө чейин колдонулбайт.
8-статья.
Бул Макулдашуунун жоболору аткарылышын төмөндөгү компетенттүү органдар контролдошот:
Кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги;
Россия Тараптан - Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги.
Компетенттүү орган алмаштырылган учурда Тараптардын ар бири ал жөнүндө башка Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу дароо кабарлайт.
9-статья.
Тараптар, мунун ичинде компетенттүү органдар аркылуу өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык бул макулдашууну аткарууга байланыштуу бардык маселелер боюнча өз убагында маалыматтарды, анын ичинде нормативдик укуктук актыларды алмашууну камсыздашат.
10-статья.
Тараптардын бири өз милдеттерин аткарышына тоскоолдук жараткан жагдайлар болсо, же бул Макулдашуу боюнча кайчы пикирлер болсо, Тараптардын компетенттүү органдары андай жагдайларды жайгаруу жана бул Макулдашуунун аткарылышын камсыздоо максатында өз ара алгылыктуу чечимге келүү үчүн тийиштүү консультацияларды жүргүзүшөт.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана (же) колдонууда Тараптардын ортосунда компетенттүү органдардын ортосундагы консультация жолу менен чечүүгө мүмкүн болбогон кайчы пикирлер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тийиштүү протоколдорду тариздөө жолу менен чечилет.
11-статья.
Тараптардын ар биринин алар катышкан башка эл аралык келишимдер боюнча укуктарына жана милдеттенмелерине бул Макулдашуунун жоболорунун тиешеси болбойт.
Тараптар ыйгарым укуктуу уюмдары өздөрүнүн Долбоордун алкагындагы милдеттенмелерин тийиштүү түрдө аткарышын камсыздоого арналган чараларды көрүшөт.
12-статья.
Тараптардын макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилиши мүмкүн жана алар ушул Макулдашуунун 13-статьясында аныкталган тартипте күчүнө кирчү өзүнчө протоколдор менен таризделет.
13-статья.
Бул Макулдашуу Тараптардын ар бири анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарышканы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн баштап күчүнө кирет.
2009-жылдын "___"_______________ шаарында кыргыз жана орус тилдеринде, ар бири бирдей күчкө ээ эки түп нускада түзүлдү.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер жаралса орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн