Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 25-июну № 340-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Мал чарба кызматкерлеринин 4-республикалык слетун уюшкандыкта өткөрүү максатында:
1. Мал чарба кызматкерлеринин 4-республикалык слетун өткөрүү менен байланышкан чыгымдардын сметасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Мал чарба кызматкерлеринин 4-республикалык слетун өткөрүүгө 2898,8 миң (эки миллион сегиз жүз токсон сегиз миң сегиз жүз) сом бөлсүн;
- 2009-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдоодо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин чыгымдарын каржылоо өлчөмү көбөйгөнү эске алынсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 340-б буйругу менен бекитилген |
┌─┬────────────────────────────────────────────────┬──────────────────┐
│№│ Чыгымдардын аталышы │Суммасы, миң сом │
├─┼────────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│1│Боз үйлөрдү тигүү жана пайдалануу үчүн ижара │ 540,0 │
│ │төлөмдөрүн төлөө │ │
├─┼────────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│2│Кашааларды жана тосмолорду орнотуу үчүн төлөмдөр│ 37,0 │
├─┼────────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│3│Биодааратканаларды алып келүү жана орнотуу │ 63,0 │
│ │боюнча кызмат көрсөтүүлөр │ │
├─┼────────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│4│Мал чарба кызматкерлеринин 4-республикалык │ 842,6 │
│ │слетунун катышуучуларынын жол киреси │ │
├─┼────────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│5│Мал чарба кызматкерлеринин 4-республикалык │ 564,3 │
│ │слетунун катышуучуларынын тамактануусу │ │
├─┼────────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│6│Мал чарба кызматкерлеринин 4-республикалык │ 176,1 │
│ │слетунун катышуучуларынын жашап туруусу │ │
├─┼────────────────────────────────────────────────┼──────────────────┤
│ │Бардыгы: │ 2898,8 │
└─┴────────────────────────────────────────────────┴──────────────────┘