КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 25-июну № 342-б
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын инженердик техникалар паркын жаңыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине белгиленген тартипте ведомстволук уюмдардан түшкөн каражаттардын эсебинен 9 (тогуз) атайын инженердик техника сатып алууга уруксат берилсин, анын ичинде:
фронталдык жүктөгүчтөрдү - 7 (жети) бирдик; тралы бар отургучтуу сүйрөгүчтөрдү - 2 (эки) бирдик.
2. Атайын инженердик техниканы сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178 жана 179-беренелерине ылайык атайын бажылык режимде ушул буйруктун 1-пунктунда аталган транспорттук каражаттарды бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 96-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи, бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы жана 2-пунктундагы "жогорку өтүмдүү" деген сөздөр алып салынсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |