Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-июну № 352-б
Кыргыз Республикасынын Чүй облусу менен Түркия Республикасынын Измир облусунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана эки тараптуу кызматташтыкты түзүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Чүй облусу менен Түркия Республикасынын Измир облусу,
Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы 1997-жылдын 24-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Түбөлүк достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин принциптерин жана жоболорун жетекчиликке алып,
Эки региондун экономикалык, илимий, техникалык жана маданий кызматташтыгынын зарылдыгына ишенип,
Ар бир региондун эки тараптуу кызматташтыгын жана өз ара кызыкчылыктарын чыңдоого умтулушуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушуну менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусу жана Түркия Республикасынын Измир облусунун ортосундагы өнөктөштүк ынанымынын, өз ара ишенимдин жана эки тараптуу пайданын негизинде, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык эки тараптуу кызматташтык орнотулат.
2-берене.
Тараптар өздөрүнүн компетенциясынын чегинде өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышына, анын ичинде өнөр жай, айыл чарба, текстиль, тамак-аш жана башка тармактарда, ошондой эле жеке ишкерлердин ортолорунда карым-катнашты орнотууга жардам беришет.
3-берене.
Тараптар энергетика, соода, өнөр жай, туризм, экскурсиялык жана көргөзмө-жарманкелик ишмердик чөйрөсүндө эмгектенишкен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Түркия Республикасынын Измир облусунун уюмдарынын, ишканаларынын жана чарбакер субъектилеринин ортолорунда ишкер байланыштардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
Маданият чөйрөсүндө Тараптар чыгармачыл жамааттардын жана айрым маданият ишмерлеринин иш сапарларын уюштурууга, ошондой эле көркөм көргөзмөлөрдү өткөрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
5-берене.
Ушул Меморандумда каралган кызматташуунун ар бир багыты боюнча Тараптар ушундай кызматташуунун тартибин жана шарттарын аныктаган өзүнчө макулдашууларды түзө алышат.
6-берене.
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ушул Меморандум бир Тарап экинчи Тараптан ушул Меморандумдун аракетин токтотуу ниетин бекемдеген жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алгандан алты ай өткөндөн кийин өз аракетин токтотот.
Меморандумдун аракетинин токтотулушу ага ылайык ишке ашырылып жаткан программалардын жана долбоорлордун ишке ашырылышына тоскоол болбойт.
Ушул Меморандумдун беренелерин же айрым жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга тиешелүү баардык талаш маселелер, Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү протоколдор менен таризделет.
__________ шаарында 2009-жылдын "____" _________ төрт нускада, ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү, баардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Текст боюнча кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги версияга кайрылуу керек.
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын
Чүй облусунун мамлекеттик Измир облусунун мамлекеттик
администрациясынын атынан администрациясынын атынан
_________________________ _________________________