Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-июну № 354-б
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун 2008-жылдын 21-октябрындагы чечимине, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын күчүндө калтырылган 2009-жылдын 14-апрелиндеги токтомуна жана "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык:
1. Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Акматбай ата көчөсү № 1 дареги боюнча жайгашкан "Алтын-Балалык" балдар медициналык-социалдык реабилитациялык комплексинин (мындан ары - Балдар реабилитациялык комплекси) мүлктүк комплекси мамлекеттик менчикке кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:
- тиешелүү жергиликтүү каттоо органында Балдар реабилитациялык комплексинин мамлекеттик менчик укугун каттоону жүргүзсүн;
- Балдар реабилитациялык комплексин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте:
- Балдар реабилитациялык комплексин оперативдүү башкарууга кабыл алсын;
- Балдар реабилитациялык комплексинин иштешин күтүүгө зарыл болгон финансылык каражаттарды аныктоо жана андан ары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине чыгымдардын сметасын берүү үчүн кызыкдар мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тийиштүү адистерин тартуу менен комиссия түзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 3-пунктунда аталган комиссия тарабынан берилген чыгымдар сметасынын негизинде учурдагы жылы Балдар реабилитациялык комплексинин иштешин күтүүгө финансылык каражат тапсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-сентябрындагы № 557-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы № 287-б буйругу.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |