Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 27-июнундагы № 354-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2003-жылдын 22-сентябры № 557-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Энелерди жана балдарды коргоо боюнча "Мээрим" Эл аралык кайрымдуулук фондунун ортосундагы Кошумча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясынын, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына ылайык, "Мээрим" Эл аралык кайрымдуулук фондунун курулуп жаткан "Алтын балалык" балдардын медициналык-социалдык реабилитациялык комплексине колдоо көрсөтүү максатында:
- "Кыргыз Республикасынын 2003-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен каражаттардын чегинде "Алтын балалык" балдардын медициналык-социалдык реабилитациялык комплексинин курулуп бүткөн функцияны диагноздоо борборун кармоого чыгымдар сметасына жараша каражат тапсын;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин чыгымдар сметасына ылайык "Алтын-балалык" балдардын медициналык социалдык реабилитациялык комплексин кармоого жыл сайын республикалык бюджетте каражат караштырсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| Н.Танаев |
Долбоор
Бирге алганда "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) жана Энелерди жана балдарды коргоо боюнча "Мээрим" Эл аралык кайрымдуулук фонду (мындан ары - Фонд),
Энелерди жана балдарды коргоо боюнча "Мээрим" Эл аралык кайрымдуулук фондунун курулуп жаткан "Алтын-балалык" балдардын медициналык-социалдык реабилитациялык комплексинин (мындан ары - Реабилитациялык комплекс) мамлекет үчүн өзгөчө маанисин таанып,
Фонддун балдардын ден соолугун чыңдоого умтулуусун колдоп,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Энелерди жана балдарды коргоо боюнча "Мээрим" Эл аралык кайрымдуулук фондунун ортосунда 2000-жылдын 17-октябрында түзүлгөн Макулдашуунун негизинде,
Мамлекеттик колдоо коммерциялык эмес уюмдардын коомго пайдалуу жана мамлекет үчүн өзгөчө маанилүү айрым программаларын максаттуу каржылоо түрүндө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка формаларда көрсөтүлүшү мүмкүндүгү жөнүндө айтылган "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына таянып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья. Жалпы жоболор
1. Реабилитациялык комплекс Фонддун уставдык милдеттерин аткарууга, ошондой Эле Фонд аныктачу функцияларды аткарууга жана юридикалык иштерди жүргүзүүгө арналган, өзүнчө өкүлчүлүк түрүндөгү бөлүм болуп эсептелет.
Эксплуатацияга киргизилгенден кийин Реабилитациялык комплекс же анын бөлүгү жетим балдарды, майып балдарды, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарын жана Ысыккөл районунун Чолпоната шаарындагы жана жалпы Эле республикадагы калктын башка категориялардагы балдарын медициналык-социалдык тейлөөнү ишке ашырат.
2. Өкмөттүн атынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Реабилитациялык комплекстин жекече штаттык расписаниесин жана чыг ымдарынын сметасын бекитет.
3. Реабилитациялык комплекстин медициналык жана билим берүү ишин лицензиялоонун, аккредиттөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
4. Реабилитациялык комплекстин медициналык жана билим берүү иштерине методикалык жетекчилик Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
2-статья. Өкмөттүн укуктары жана милдеттери
1. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу Реабилитациялык комплекстин ишин тийиштүү жылдын бюджетинде каралган каражаттардын чегинде максаттуу каржылоону ишке ашырат.
2. Өкмөттүн атынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Реабилитациялык комплекстин медициналык ишин контролдоого, сапатын жана уюштурулушун баалоого укуктуу.
3. Өкмөттүн атынан Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Реабилитациялык комплекстин билим берүү бөлүмүнүн окутууну уюштурулушун жана сапаттын контролдоого укуктуу.
3-статья. Фонддун укуктары жана милдеттери
1. Фонд Реабилитациялык комплекстин ишин жетектейт.
2. Реабилитациялык комплекс өзүнүн ишин Фонддун кеңеши жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан бекитилген Энелерди жана балдарды коргоо боюнча "Мээрим" Эл аралык кайрымдуулук фондунун "Алтын-балалык" балдардын медициналык-социалдык реабилитациялык комплекси жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
3. Фонд мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн Өкмөттүн алдында милдеттүү болот.
4-статья. Реабилитациялык комплекстин инженердик
инфраструктурасынын объекттерин кармоо жана тейлөө
1. Реабилитациялык комплекстин ушул Макулдашуунун 1-статьясынын 1-пунктунда айтылган милдеттерин, курулган инженердик коммуникацияларды ишеничтүү жана натыйжалуу камсыздоо зарылдыгын жана бул максатка жумшалган капиталдык салымдарды эске алып, Өкмөт инженердик инфраструктуранын жаңы курулган жана курулуп бүтүп жаткан объекттерин Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун Чолпоната шаарынын тийиштүү эксплуатациялык мекемелеринин баланстарына өткөрүп берет.
2. Өкмөт Ысыккөл облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органдары менен бирдикте Реабилитациялык комплекстин жогоруда көрсөтүлгөн объекттерин кармоо жана тейлөө боюнча маселелерди аныкталган тартипте чечет.
5-статья. Корутунду жоболор
1. Бул Макулдашуу кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
2. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
3. Тараптардын ушул Макулдашууга байланышкан укуктук мамилелери ушул Макулдашуу менен жөнгө салынат, ал эми бул Макулдашуу менен жөнгө салынбаган учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
4. Бул Макулдашууну колдонууга байланышкан талаштар Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
Бул Макулдашуу 2003-жылдын "__" __________ Бишкек шаарында кыргыз жана орус тилдериндеги, бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын "Мээрим" Эл аралык
Өкмөтү үчүн кайрымдуулук фонду үчүн