КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-июлу № 362-б
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо башкармалыгынын бөлүм начальниги И.С.Керимкулов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башкы инспектору М.Г.Гүлжигитов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын улук инспектору Т.Н.Алиев жаран А.К.Мусабековдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобонун 31-главасынын 98-100-пункттарын конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 3-пунктуна, 13-беренесинин 3-пунктуна, 14-беренесинин 3-пунктуна, 21-беренесинин 6-пунктуна,
27-беренесинин 1-пунктуна, 28-беренесинин 1-пунктуна, 74-беренесинин 1 жана 4-пункттарына каршы келээрин таануу жөнүндө өтүнүч каты боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун отурумдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо башкармалыгынын бөлүм начальниги Керимкулов Илияс Саматбековичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башкы инспектору Гүлжигитов Мирлан Гүлжигитовичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын улук инспектору Алиев Темурлан Нуркасымовичке ишеним кат берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |