Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУГУ
2009-жылдын 9-июлу № 370-б
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин материалдык-техникалык жабдылышын жакшыртуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине "Халык Банк Кыргызстан-Бишкек" ачык акционердик коомунун филиалындагы блоктолгон эсептеги 4800,0 (төрт миллион сегиз жүз миң) сом суммадагы каражатты төмөнкүлөргө пайдаланууга уруксат берплсин:
- оңдоо-курулуш иштерине - 2500,0 (эки миллион беш жүз миң) сом;
- эмерек жана жабдууларды сатып алууга - 2300,0 (эки миллион үч жүз миң) сом.
Премьер-министр | И.Чудинов |