Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 392, 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 562, 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706, 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494, 2014-жылдын 3-июнундагы № 304, 2015-жылдын 22-июнундагы № 392, 2015-жылдын 16-сентябры № 646, 2017-жылдын 17-февралындагы № 109, 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711, 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 295-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик жыйым маркаларын сатып алуу жана колдонуу тартибин аныктайт.
Жободо төмөнкүдөй терминдер пайдаланылды:
- импорттоочу - маркалануучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүчү салык төлөөчү;
- ыйгарым укуктуу банк - тейлөөгө ыйгарым укуктуу салык кызматынын органы менен келишим түзгөн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы же күбөлүгү бар коммерциялык банк;
- маркалануучу продукция - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу алкоголдуу ичимдиктер, тамеки буюмдары, алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 285-беренесинин 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн (пивону, ТЭИ ТН коду 2203 жана жүзүмдүн ширесин, ТЭИ ТН коду 220430 кошпогондо);
- акциздик марканын номиналдык наркы - ыйгарым укуктуу банк аркылуу сатуу учурунда акциздик марканын сатылуучу баасы;
- тамеки буюмдарынын маркалары (аталышы) - төмөндөгү бир же бир нече белгилери менен башка маркалардан айырмаланган тамекинин ассортименттик позициясы - жекече белгилениши (аталышы), рецептурасы, өлчөмү, чыпкасынын болушу же болбошу, ошондой эле өндүрүүчүлөр тарабынан белгиленген башка керектелүүчү касиеттери менен;
- (сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- электрондук-маалыматтык элемент - аныктыгынын идентификациясын жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды өзүндө алып жүрүүгө жөндөмдүү, ошондой эле салык органдарына жыйымдарды чогултууга, эсептик контроль жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү кайсы болбосун башка маалыматтарды алып жүрүүчү электрондук түзүлүштөр жана/же программалык тиркемелер менен аныкталуучу акциздик маркадага элемент;
- салык кызматынын органы - ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары.
Бул Жободо пайдаланылчу түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана/же Бажы союзунун Бажы кодексинде аныкталган мааниде чечмеленет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706, 2014-жылдын 3-июнундагы № 304, 2015-жылдын 22-июнундагы № 392, 2015-жылдын 16-сентябры № 646 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Уюмдарга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик марка менен белгиленбеген маркалануучу продукцияны жөнөтүүгө жана сатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө, ташууга, комиссияга же консигнацияга кабыл алууга тыюу салынат.
Акциздик марка менен белгиленбеген маркалануучу продукцияны жеке жактар Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин чектеринде ташып келүүгө (жөнөтүүгө) жол берилет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолчу алкоголдук ичимдиктер жана тамеки заттары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 285-беренесинин 2 жана 3-пунктчаларына ылайык маркаланууга тийиш (буга ТЭИТН 2203 кодундагы сыра жана жүзүмдүн ширеси (коду ТЭИТН 220430) кирбейт). Түрү жана сыйымдуулугу (алкоголдук буюмдар үчүн) боюнча акциздик продукцияны маркалоо акциздик маркаларды берүү тууралуу салык кызматы органынын чечиминде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын типтерине жана номерлерине ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494, 2015-жылдын 22-июнундагы № 392, 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Салык төлөөчү экспорт үчүн өндүргөн маркалануучу продукция экспортко жөнөтүлгөн учурда акциздик марка менен маркаланбайт. Маркаланууга тийиш болгон (анын ичинде товарды алмашуу негизинде же берилүүчү чийки затты пайдалануу менен сатып алынган), экспорт үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана акциздик марка менен белгиленбеген продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга тыюу салынат.
5. Маркалануучу продукция куюлган же таңгакталган бөтөлкөдө, кутуда же башка идиште акциздик марканын болушу аларды керектөөчүлөргө сатуу, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташуу (буга эл аралык транзит кирбейт) жана сактоо үчүн зарыл шарттардын бири (буга өндүрүүчү Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу үчүн технологиялык процесске же сактоого ылайык буюмдарды маркалаганга чейин сакташы кирбейт).
6. Маркалоо акциздик маркаларды кайталап пайдаланууну жокко чыгарган ыкма менен жүзөгө ашырылат. Чаптоочу жер акциздик марка бөтөлкөнү, кутуну же башка идишти ачуу учурунда айрылгыдай кылып аныкталууга тийиш. Акциздик марканы чаптаганда акциздик марканы бузбастан аны товардан алып салууга мүмкүндүк бербеген клей пайдаланылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706 токтомунун редакциясына ылайык)
6-1. Тамеки буюмдарынын кутусунда милдеттүү түрдө тамеки буюмдарынын даярдалган айы жана жылы жөнүндө маалымат (мындан ары - даярдалган күнү) көрсөтүлөт. Кутусунда атайын целлофан таңгагы бар тамеки буюмдарына акциз маркасы целлофан таңгагынын алдына чапталат жана даярдалган күнү жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706, 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6-2. Тамеки буюмдарынын даярдалган күнү жөнүндө маалыматтардан тышкары таңгагына (кутусуна) кандайдыр бир элементтерди же акциз маркасын жабыштырууга жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706, 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6-3. Тамеки буюмдарынын даярдалган күнү тууралуу маалыматтарды көрсөтүүгө төмөнкү талаптар коюлат:
1) жазуу так жана окууга жеңил болушу керек;
2) тамеки буюмдарынын таңгагын (кутусун) ачканда жазуулардын толуктугун камсыздоо үчүн жазуу туура ылайыкталышы керек;
3) жазуу тунук оромо пленкага же кандайдыр бир башка сырткы таңгактоочу материалга жазылбашы керек;
4) (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) тамеки буюмдарынын даярдалган күнү тууралуу маалымат араб сандары менен көрсөтүлөт (шрифттин бийиктиги 3 ммдан кем болбойт), пробел коюлбастан: айы, жылы жазылат (хх.хххх). Мисалы: 10.2010.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706, 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Бул Жобонун талаптарынан четтөө менен маркаланган продукция маркаланбаган катары каралат.
8. Акциздик маркалар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген тартипке ылайык, конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык салык кызматынын ыйгарым укуктуу органынын заказы боюнча даярдалат. Акциздик маркалардын формасы жана үлгүлөрү салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан конкурстун жеңүүчүсү менен биргеликте иштелип чыгат.
Акциздик маркаларды берүү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын банк системасы аркылуу жүзөгө ашырылат, ошондой эле чет өлкөлөргө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводдорго түздөн түз жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган маркалануучу продукцияларды белгилөө үчүн сатып алынган жана чет өлкөгө чыгаруучу заводго жиберилген акциздик маркалар маркалануучу продукцияларды чыгаруунун технологиялык процесси аяктагандан кийин маркалоо үчүн пайдаланылат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 562 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Чет өлкөдө маркалануучу продукцияга завод-өндүрүүчүдө чаптоо үчүн ыйгарым укуктуу банк тарабынан алынган акциздик маркалар Кыргыз Республикасынын аймагынан бажы төлөмдөрү алынбастан убактылуу ташып келүү (жол берме)/ташып чыгуу бажы жол-жоболоруна ылайык чыгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Салык төлөөчү акциздик маркалардын наркын төлөөсү ыйгарым укуктуу банктагы атайын блокадаланган эсепке акча каражаттарын которуу жолу менен жүргүзүлөт.
12. Ыйгарым укуктуу салык кызматынын органы даярдоочу компания даярдаган жана жеткирген акциздик маркалардын баасын коюлган эсепке ылайык төлөйт, коштолгон чыгымдарды төлөйт. Жылдык салыштырууну жана даярдоочу компания менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин блокадаланган эсепте калган сумма ушул Жобонун 14-пунктунда каралган максаттарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен аныкталган максаттарга пайдалануу үчүн ыйгарым укуктуу салык кызматынын органынын атайын эсебине которулууга тийиш.
2-глава. Акциздик маркаларды берүү тартиби
13. Ыйгарым укуктуу банк салык төлөөчүгө акциздик маркаларды ал акциздик маркалардын наркын төлөгөндөн кийин гана берет. Акциздик марканы сатып алууда салык төлөөчү, акциздик марканын номиналдык наркынан тышкары, бир эле учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген акциз салыгынын ставкасы боюнча, маркалануучу продукцияга акциздик салыкты да төлөйт.
(2-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 392 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(3-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 392 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(4-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 392 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 562, 2015-жылдын 22-июнундагы № 392 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Акциздик марканын номиналдык наркын ыйгарым укуктуу салык кызматынын органы аныктайт. Акциздик марканын номиналдык наркы акциздик марканы даярдоо наркынан, транспорт чыгымдарынан, бажы төлөмдөрүнөн жана алымдарынан, курстук айырманын өзгөрүшүнүн тобокелдиктерин камсыздандырууга чыгымдардан жана башка чыгымдардан түзүлөт.
Башка чыгымдарга топтолгон каражаттарды акциздик маркалардын чыныгы экенин аныктоо үчүн атайын приборлорду, эсептөө техникасын, байланыш каражаттарын, акциздик маркаларды чаптоо үчүн жабдууну сатып алууга жана тейлөөгө, эсепке алуу-усулдук колдонмолорду даярдоого жана түшүндүрүү иштерине чыгымдарды төлөөгө жумшоо кирет.
15. Салык төлөөчүгө акциздик маркаларды сатуу ыйгарым укуктуу банк аркылуу маркаларды берүү же түздөн түз маркалануучу продукцияны завод-өндүрүүчүгө акциздик маркаларды жөнөтүү жолу менен жүргүзүлөт. Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттерден ташып келинүүчү маркалануучу продукция завод-өндүрүүчүдө гана маркаланууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу банктан акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим төмөнкү документтерди бергенде аймактык салык органы тарабынан кабыл алынат:
- арыз-эсептөөнү (ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык 2 нускада). Салык төлөөчүнүн арыз-эсептөөсүнө өндүрүлгөн жана/же импорттолгон акциздик товарлардын аталыштарын көрсөтүү менен ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык акциздик буюмдардын өзгөчөлүгү тиркелет. Арыз-эсептөөнүн жана акциздик буюмдардын өзгөчөлүгүнүн бир нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат, экинчи нускасы салык кызматынын органында калат;
- акциздик продукцияларды ташып келүүгө жана/же сатууга лицензиянын көчүрмөсүн (акциздик продукциялардын лицензиялануучу түрлөрү үчүн);
- маркалануучу продукциялардын бардык санына акциз салыгынын жана акциздик маркалардын накталай наркынын төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документтеринин көчүрмөсүн жана түп нускасын. Төлөм документтеринин көчүрмөсү салык кызматынын органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат.
Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны завод-өндүрүүчүгө жиберүү чечимин, ыйгарым укуктуу банк тарабынан импорттолуучу маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү чечимин ыйгарым укуктуу салык органы кабыл алат. Мында ушул пункттун үчүнчү-бешинчи абзацтарында аталган документтерден башка салык төлөөчү тарабынан төмөнкү документтер тапшырылат:
- ташылып келүүчү акциздик продукцияга инвойстор, маркалануучу продукцияларды жеткирүүгө келишимдин түп нускасы жана салык төлөөчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Келишимдин көчүрмөсү салык кызматы органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылат;
- маркалануучу продукциянын завод-өндүрүүчүсүнө анын так реквизиттерин толук көрсөтүү менен акциздик маркаларды жиберүү тууралуу өтүнүч каты.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттогон салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына депозиттик төлөмдү салгандыгы жөнүндө квитанциянын түп нускасын жана көчүрмөсүн да, ошондой эле акциздик маркаларды максаттуу колдонуу жөнүндө милдеттенмени берет
Импорттолуучу маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу банк тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча 3 нускада түзүлөт. Акциздик маркалар ыйгарым укуктуу банк тарабынан салык төлөөчүгө чечимде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын катар номерине ылайык берилет. Салык кызматы органынын чечиминин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - салык төлөөчүдө, үчүнчүсү - салык кызматы органында калат.
Мында алынган акциздик маркалардын номерлеринин диапазонун салык органынын чечиминде көрсөтүлгөн номерлердин диапазону менен кайра эсептөө жана салыштырып текшерүү салык төлөөчүлөр тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 392, 2017-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомдорунун редакциясына ылайык)
15-1. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15-2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15-3. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны завод-өндүрүүчүгө жөнөтүү тууралуу чечим 2 нускада түзүлөт. Мында ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан чет өлкөдө маркалануучу продукцияны завод-өндүрүүчүгө акциздик маркалардын тиешелүү партиясы жөнөтүлгөндүгү тууралуу акциздик маркаларды даярдоочу компанияга заказ-кат жөнөтүлөт.
Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны завод-өндүрүүчүгө жөнөткөн учурда акциздик марканы алуу датасы болуп ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынган акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны завод-өндүрүүчүгө жөнөтүү тууралуу чечимдин датасы саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Чоң идиштерге куюлган алкоголдук продукцияны маркалоо үчүн акциздик маркаларды сатып алууга арызды тариздөөдө салык төлөөчү акциздик маркалардын номиналдык наркын жана акциздик салыкты төлөгөндүгү тууралуу ырастоону берет. Маркаланууга тийиш болгон көлөмдү жана акциздик маркалардын номиналдык наркын төлөөнү ырастагандан кийин салык кызматынын органы акциздик маркаларды берүү тууралуу чечим чыгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494, 2015-жылдын 22-июнундагы № 392 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Ыйгарым укуктуу банк тарабынан импорттолуучу маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим, акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны завод-өндүрүүчүгө жөнөтүү тууралуу чечим ушул Жобонун 15-пунктунда каралган документтерди салык төлөөчү тапшырган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Эгерде акциздик маркаларды сатып алууга буюртманы толтуруу учурунда ыйгарым укуктуу банкта зарыл типтеги же сыйымдуулуктагы акциздик маркалар жок болсо же талап кылынган акциздик маркалар акциздик маркаларды чыгарууга буюртмада көрсөтүлбөсө, анда акциздик маркаларды сатып алуу учуруна карата акциздик салыктын иш жүзүндөгү суммасын төлөө шарты менен ыйгарым укуктуу банкта болгон акциздик маркалар сатылышы мүмкүн. Бул үчүн ыйгарым укуктуу салык кызматынын органы маркалануучу продукциянын тибин, сыйымдуулугун жана аталышын көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү уруксатты салык төлөөчүгө - акциздик маркаларды сатып алуучуга, ыйгарым укуктуу банкка, салык төлөөчүнү - акциздик маркаларды сатып алуучуну салыктык каттоо жери боюнча салык кызматынын органына, бажы иши жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жөнөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Салык кызматынын органдары маркалануучу продукцияны өндүрүүчү же импорттоочу салык төлөөчү тарабынан акциздик салыкты эсептөө үчүн эсептердин жана башка документтердин берилишин контролдойт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Акциздик маркаларды эсепке алуу жана сактоо тартиби
21. Акциздик маркалар мамлекеттик атайын бланктар болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Алкоголдук ичимдиктерге акциздик маркалар кагазда даярдалат, тиешелүү формада жана өлчөмдө, бир же бир нече коргоочу элементтери, аталышы жана мамлекеттик гербинин сүрөтү, катар номери, электрондук-маалымат элементи жана продукциянын түрүн аныктоочу сериясы жана колдонулуучу идиштин диапазону болот. Тамеки буюмдарына арналган маркалар кагазда даярдалат, тиешелүү формада жана өлчөмдө, бир же бир нече коопсуздук элементтери, аталышы жана мамлекеттик гербинин сүрөтү, тогуз орундуу катар номери, электрондук-маалымат элементи жана продукциянын түрүн аныктоочу сериясы болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Акциздик маркалардын сакталышын камсыз кылуу максатында салык төлөөчү атайын жайды бөлүүгө же аларды күйбөй турган ящиктерде (сейфтерде) сактоого милдеттүү.
24. Акциздик маркалар ыйгарым укуктуу банкта блокадаланган атайын эсепке төлөнгөн номиналдык нарк боюнча ишкананын кампасында кириштелет, мында ага акциздик маркаларды ташуу боюнча чыгымдар киргизилбейт.
25. Акциздик маркаларды колдонгон ишканаларда жетекчинин буйругу менен акциздик маркалардын сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамы дайындалат. Кызмат адамы продукцияны белгилөө үчүн акциздик маркаларды кол койдуруу менен берет жана жөнөтүлгөн продукциянын жана акциздик маркалардын тибин, сыйымдуулугун, номерлерин жана аларды алуучунун фамилиясын белгилөө менен берилген маркалардын эсебин жүргүзөт.
26. Салык кызматынын органдары өндүрүүчү ишканаларда акциздик маркаларды эсептен чыгаруунун тууралыгына туруктуу контролдук кылууга (бул үчүн зарыл болгон учурда болгон акциздик маркаларды түгөлдөөнү жүргүзөт), жокко чыгарылган акциздик маркалардын санын бөтөлкөдөгү же башка идиштеги алкоголдук ичимдиктердин жана пачкалардагы тамеки заттарынын чыгарылган жана сатылган продукциясынын саны менен салыштырууга милдеттүү.
4-глава. Чаптоо процессинде пайдаланылбаган жана бузулган акциздик маркаларды кайра кайтаруу
27. Маркалануучу продукцияны өндүрүү/импорттоо токтотулган учурда өндүрүүчү/импорттоочу пайдаланылбаган бардык акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банкка кайра кайтарууга милдеттүү.
Пайдаланылбаган акциздик маркаларды кайра кайтаруу жол-жоболорун жүргүзүү үчүн маркалануучу продукцияны өндүрүүчү/импорттоочу акциздик маркаларды алуучу жер боюнча салык кызматынын органына төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- акциздик маркаларды кайра кайтаруунун себептерин көрсөтүү менен жана акциздик маркаларды сатып алууда төлөнгөн акча каражатын кайра берүү жөнүндө өтүнүч менен жазуу жүзүндөгү арызды;
- маркаланчу продукциянын түрүн, сыйымдуулуктарды аныктаган сериялардын жана кайра кайтарылуучу маркалардын катар номерлеринин кагаздагы жана электрондук булактагы реестрин;
- акциздик маркаларды берүү тууралуу чечимдин нускасын.
Салык кызматынын органы жогоруда саналган документтерди текшерүүдөн өткөрөт жана ыйгарым укуктуу банкка акциздик маркаларды кайтаруу жөнүндө 3 нускада түзүлгөн чечим чыгарат. Акциздик маркаларды кайтаруу жөнүндө чечимдин бир нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси акциздик маркаларды сатып алуучуда, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494, 2015-жылдын 22-июнундагы № 392 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
28. Импорттолуучу тамеки заттары үчүн акциздик маркаларды кошпогондо пайдаланылбаган маркалардын номиналдык наркын кайтаруу салык кызматынын тийиштүү органы менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу банк тарабынан жүргүзүлөт.
Импорттолчу тамеки заттар үчүн пайдаланылбаган акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банк жок кылуу үчүн гана кабыл алат. Мында акциздик маркалардын номиналдык наркы кайра берилбейт, ал эми акциздик салыктын суммасы ашык төлөнгөн катары эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Маркалануучу продукцияны чыгаруучу заводдо чаптоо процессинде акциздик маркалар бузулган учурда бузулуунун себептерин, бузулган акциздик маркалардын санын жана типтерин көрсөтүү менен акт түзүлөт. Өндүрүүчү/импорттоочу бузулган акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банкка кайра кайтарууга милдеттүү.
Кайра кайтаруу жол-жобосун жүргүзүү үчүн өндүрүүчү/импорттоочу акциздик маркаларды алган жери боюнча салык кызматынын органына төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- акциздик маркалар бузулганы жөнүндө актыны;
- маркалануучу продукциянын, сыйымдуулуктун түрүн аныктаган сериялар жана кайра кайтарылуучу акциздик маркалардын катар номерлери көрсөтүлгөн кагаздагы жана электрондук булактагы реестрди.
Салык кызматынын органы жогоруда саналган документтерди текшерүүдөн өткөрөт жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитиле турган формага ылайык, ыйгарым укуктуу банкка бузулган акциздик маркаларды кайтаруу тууралуу 3 нускада түзүлгөн чечим чыгарат. Акциздик маркаларды кайтаруу тууралуу чечимдин бир нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - акциздик маркаларды сатып алуучуда, үчүнчүсү - caлык кызмат органында калат.
Продукциянын, сыйымдуулуктун түрүн аныктаган сериялары, баалардын диапазону жана катар номерлери көзгө толук көрүнбөгөн жана электрондук-маалыматтык элементи идентификацияланбаган акциздик маркалар ыйгарым укуктуу банкка кайра кайтарылбайт.
Акциздик маркалар бузулганда акциздик жыйымдын бузулган маркалары жокко чыгаруу актысынын негизинде ыйгарым укуктуу банк тарабынан жок кылууга кабыл алынган учурда акциз төлөнбөйт. Бузулган маркалардын ордуна, маркалардын номиналдык наркы төлөнгөн шартта, акцизди кайталап төлөбөстөн жаңы акциздик маркалар берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494, 2015-жылдын 16-сентябры № 646 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Маркалануучу продукцияны белгилөө үчүн жараксыз акциздик маркалар тиешелүү салык кызматынын органынын жана өндүрүүчүнүн/импорттоочунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ыйгарым укуктуу банк тарабынан жок кылынат.
31. Ыйгарым укуктуу банк пайдаланылбаган акциздик маркаларды кабыл алгандан жана/же маркалануучу продукцияны белгилөө үчүн жараксыз акциздик маркаларды комиссиялык жок кылгандан кийин ушундай акциздик маркалар боюнча төлөнгөн акциз салыгынын суммасын салык кызматынын органдары/бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан акциз салыгынын ашыкча төлөнгөн суммасы катары эсептейт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Өндүрүлгөн акциздик товарлар бузулган же жоголгон учурда акциз толук өлчөмдө төлөнөт жана/же кайра кайтарылат, буга ал жеткис күчтүн натыйжасында келип чыккан учурлар кирбейт. Акциздик маркалар жоголгон учурда акциздик маркаларды сатып алганга чейин же сатып алып жаткан учурда төлөнгөн акциз кайра кайтарылбайт, буга ал жеткис күчтүн натыйжасында келип чыккан учурлар кирбейт. Алкоголь продукциясын белгилөөгө арналган жоголгон акциздик маркалар боюнча акцизди эсептөө акциздик жыйым маркасында көрсөтүлгөн сыйымдуулукка ылайык максималдуу жол берилген көлөмгө карата колдонулуучу белгиленген ставкаларга таянуу менен жүргүзүлөт.
32.1. Өндүрүштүк брак табылган учурда салык төлөөчү жетекчинин, башкы бухгалтердин жана акциздик маркалардын сакталышына жооптуу адамдын катышуусунда брак акциздик маркалардын табылгандыгы жөнүндө акты түзөт, акциздик маркалардын тибин жана номерин, кутунун номерин көрсөтөт, ошондой эле табылган брак маркаларды сүрөткө тартат. Андан ары салык төлөөчү салык кызматынын органына брак маркалардын табылгандыгы жөнүндө актыны, акциздик маркаларды сатып алууда төлөнгөн акча каражаттарынын квитанциясынын көчүрмөсүн жана брак маркалардын сүрөтүн берет. Салык кызматынын органы материалды андан ары иликтөө үчүн акциздик марканы даярдоочу компанияга берүү үчүн ыйгарым укуктуу салык кызматынын органына өткөрүп берет. Даярдоочу компания брактын болушун ырастаган учурда салык төлөөчү акциздик салыкты жана номиналдык наркын төлөбөстөн брак маркалардын ордуна акциздик маркаларды алууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 562 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Акциздик товарларды маркалоого контролдук
33. Өндүрүлүүчү жана импорттолуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагында маркалоо салык жана бажы контролдугу астында жүзөгө ашырылат.
34. Соода тармагында (чекене жана дүң) болгон маркалануучу продукцияда акциздик маркалардын болушуна жана алардын нукура экенин салык кызматынын органдары контролдошот.
(Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 392, 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706, 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494, 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
35. Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган акциздик продукцияны өндүрүүчү, импорттоочу же сатуучу уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Ыйгарым укуктуу салык кызматынын органы ай сайын отчеттук айдын 10-күнүнө карата бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына импорттолуучу алкоголдук жана тамеки продукциясына, ошондой эле импорттолуучу тамеки буюмдарына ЭЧБ жөнүндө маалымат берилген акциздик жыйым маркалары жөнүндө маалыматтарды берет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706, 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
37. бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ай сайын отчеттук айдын 10-күнүнө карата ыйгарым укуктуу салык кызматынын органына акцизделчү товарлардын экспорту-импорту жөнүндө маалыматтарды берет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
| "Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобого № 1 тиркеме |
______________________________________________________________________ (Салык кызматы органынын аталышы) 20___-жылдын "___" ______________ № _____ акциздик маркаларды сатып алууга АРЫЗ-ЭСЕБИ (салык органы тарабынан толтурулат)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)
Салык төлөөчүнүн аталышы |
|
Юридикалык дареги жана телефону |
|
ИСН |
|
№ | Акциздик маркаланган продукциянын түрү | Марканын тиби | Сыйымдуулугу (маркада) | Идиштин сыйымдуулугу | Сатып алынган акциздик маркалардык саны | Алынуучу көлөм | Этил спиртинин курамы/ күчтүүлүгү (алкоголдук ичимдиктер үчүн) | Акциздик салыктын ставкасы этил спиртинин курамынан келип чыгат/ күчтүүлүгү (алкоголдук ичимдиктер үчүн) (сом) | Акциздик салыктын суммасы (сом) | Акциздик маркалардын номиналдуу наркы (сом) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Акциздик салык № __________________ эсепке 20___-жылдын "__" ___________ № _____ төлөм документине ылайык _________________________________________________ (жазуу жүзүндө) сом суммасында төлөндү.
Марканын номиналдык наркы № _________________ эсепке 20___-жылдын "__" ____________ төлөм документине ылайык _________________________________________________ (жазуу жүзүндө) сом суммасында төлөндү.
М.О. | Уюмдун жетекчиси: | _______________________________ |
|
| (колу) |
| Башкы бухгалтер: | _______________________________ |
|
| (колу) |
(*) марканын типтери:
A - арак; C - коньяк; L - ликер-арак ичимдиктери; V - шарап; S - шампан; E - чыпкалуу сигареттер; F - чыпкасыз сигареттер.
|
| Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө Жобого № 2 тиркеме |
________________________________________________________ (Салык кызматынын opганынын аталышы)
Акциздик маркаларды сатып алууга арыз-эсебине акциздик буюмдарды СПЕЦИФИКАЦИЯЛОО № ___ "__" ________ 20__-ж.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
М.О.
|
| Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө Жобого № 3 тиркеме |
Форманын үлгүсү
_________________________________________________
(салык органынын аталышы)
Акциздик маркаларды кайра кайтарууга 200_-жылдын "___"_________ № квитанция (салык органы тарабынан толтурулат)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| 4-тиркеме |
_______________________________________ _______________________________________ (салык кызматынын органынын аталышы)
Тамеки буюмдарына эң жогорку чекене баа жөнүндө БИЛДИРМЕ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)