Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-марты № 76
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын
2-декабрындагы №125 “Ар кандай багыттагы
объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарын
берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Борбор шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган, жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу боюнча ишти тартипке келтирүү, ошондой эле Бишкек шаарынын муниципалдык менчиктин жерлеринен жеке жана юридикалык жактарга жер участокторуна ижара укуктарын автотранспортту тейлөө пункттары үчүн (жуугуч, техникалык жактан тейлөө, желимдөө) мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бишкек шаардык кеңештин депутаты К. К. Конгантиевдин маалыматы эске алынсын.
2.Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы №125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
“3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
Бишкек шаарынын төмөнкү проспекттеринин, бульварларынын жана көчөлөрүнүн жээктеринде жогоруда көрсөтүлгөн объекттер үчүн муниципалдык менчиктин жерлерин берүүгө ушул мораторийдин күчү таркатылат:
Манас проспекти, Тынчтык проспекти, Чүй проспекти, Дэн Сяопин проспекти Садыгалиев көчөсүнө чейин, Павлов көчөсү (Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектине чейин), Жибек Жолу проспекти, Байтик Баатыр көчөсү, Ю. Абдрахманов көчөсү, А.Элебесов көчөсү (кичи Чүй каналына чейин), М. Горький көчөсү, Л. Толстой көчөсү, Медеров көчөсү (Тынчтык проспектинен Б. Юнусалиев көчөсүнө чейин), И. Ахунбаев көчөсү (Шабдан Баатыр көчөсүнөн Д. Садырбаев көчөсүнө чейин), Б. Юнусалиев көчөсү, Шабдан Баатыр көчөсү (И. Ахунбаев көчөсүнөн Чүй проспектине чейин), Курманжан Датка көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, С. Ибраимов көчөсү, Т. Фрунзе көчөсү, А. Токомбаев көчөсү, А. Масалиев проспекти, С. Каралаев көчөсү, Сухэ- Батор көчөсү, Киев көчөсү, Логвиненко көчөсү (Л. Толстой көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин), Панфилов көчөсү (темир жолдон Жибек Жолу проспектине чейин), Орозбеков көчөсү (Түгөлбай ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин), Т. Молдо көчөсү (Москва көчөсүнөн чоң Чүй каналына чейин), Токтогул көчөсү, Москва көчөсү, Ж. Бөкөнбаев көчөсү, Эркиндик бульвары (Түгөлбай ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин), Ж.Турусбеков көчөсү (Чуйков көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин), Тыналиев көчөсү, Лермонтов көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү, Б. Бейшеналиева көчөсү, Шопоков көчөсү, А. Үсөнбаев көчөсү, И. Раззаков көчөсү, Н. Исанов көчөсү (темир жолдон Жибек Жолу проспектине чейин), К. Тыныстанов көчөсү, К. Акиев көчөсү, Т. Уметалиев көчөсү, Д. Садырбаев көчөсү, (Л. Толстой көчөсүнөн И. Ахунбаев көчөсүнө чейин), Ю. Гагарин көчөсү, Ш. Руставели көчөсү, (И. Ахунбаев көчөсүнөн Ю. Гагарин көчөсүнө чейин), Чортеков көчөсү, Алыкулов көчөсү, Ауэзов көчөсү, Анкара көчөсү;
“Дордой”, “Аламүдүн базары”, “Кудайберген” соода-базар комплекстерине жанаша жайгашкан көчөлөргө;
Орто- Сай, Ош базарларына жанаша жайгашкан көчөлөрдө;
ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жана белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган азыркы иштеп жаткан жеңилдетилген типтеги объекттер жана башка объекттер үчүн жер участокторун убактылуу пайдалануу мөөнөтү жер участокторуна укуктарды белгиленген тартипте берүү боюнча комиссиянын чечими боюнча узартылат;
ушул токтомдо көрсөтүлбөгөн башка көчөлөрдө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди жайгаштыруу, коюу, долбоорлоо жана куруу үчүн муниципалдык менчиктин жерлерин берүү жер участокторуна укуктарды белгиленген тартипте берүү боюнча комиссиянын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.”.
4.Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдык мораторий аныкталсын.
5.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6.Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 3-декабрындагы №202 “Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы №125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
7.Ушул токтом жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
8.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы |
М. А. Аманкулов |