Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
2009-жылдын 2-декабры № 125
Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участогуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 202, 2014-жылдын 13-мартындагы № 76, 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 95, 2022-жылдын 29-июнундагы № 37, 2023-жылдын 30-майындагы № 85 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу, ошондой эле борбор шаарыбыздын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жерлерден юридикалык жана жеке жактарга автотранспортту тейлөө пункту (жуугуч, ТТС, желимдөө пункттары) үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга жер участокторуна ижара укуктарын берүү боюнча ишкердикти тартипке келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгүлөргө 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө мораторий белгиленсин:
- муниципалдык менчиктин объекттеринен, банкттык күркөлөрдөн, өзүнчө турган электр генераторлорунан, электр кубаттоочу станцияларынан (ЭКС), аялдама комплекстеринен, нан азыктарын сатуу боюнча муниципалдык объекттерден, жарнамалык көрсөткүчтөрдөн жана LED-экрандардан тышкары жеңилдетилген типтеги объекттерди (чатырларды, соода үкөкчөлөрүн, павильондорду, күркөлөрдү, серелерди, сатуратураларды, жалпы тамактануу түйүндөрүн, автосервис пункттарын, уюлдук байланыш мунараларын (бийик секилерин), жарнамалык конструкцияларды, батуттарды орнотуу үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун берүүгө;
- автотранспорттук тейлөө пункттарын (жуучу жайын, техникалык тейлөө станциясын, желимдөөнү, автотранспорттук каражаттарды сатуу алдында даярдоо пункттарын) долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун убактылуу пайдаланууга ижара укуктарды берүүгө.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 202, 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 95, 2022-жылдын 29-июнундагы № 37, 2023-жылдын 30-майындагы № 85 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Өз алдынча бирдикке бөлүүгө жана кийин тоорукка коюуга тийиш болгон жаңы муниципалдык жер участокторун түзүүгө жана берүүгө бир жылдык мораторий белгиленсин.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун 1-пункту тарабынан белгиленген мораторий Бишкек шаарынын төмөнкү проспекттеринин, бульварларынын жана көчөлөрүнүн жээктериндеги муниципалдык менчиктин жерлерин берүүгө таркатылат:
- Манас проспекти, Чынгыз Айтматов проспекти, Чүй проспекти, Шабдан Баатыр проспекти, Фучик көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки Дэн Сяопин проспекти, Павлов көчөсү, Жибек Жолу проспекти, Байтик Баатыр көчөсү, Ю.Абдрахманов көчөсү, М.Горький көчөсү, Л.Толстой көчөсү (Ибраимов көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки), Медеров көчөсү (Чынгыз Айтматов проспектинен Б.Юнусалиев көчөсүнө чейин), И.Ахунбаев көчөсү (7-апрель көчөсүнөн Д.Садырбаев көчөсүнө чейин), Б.Юнусалиев көчөсү, 7-апрель көчөсү, Курманжан Датка көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, С.Ибраимов көчөсү, А.Токомбаев көчөсү, А.Масалиев проспекти, С.Каралаев көчөсү (Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнөн Иса Ахунбаев көчөсүнө чейинки), Сухэ-Батор көчөсү, Киев көчөсү, Логвиненко көчөсү (Кулатов көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин), Панфилов көчөсү (Иса Ахунбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки), Орозбеков көчөсү (Түгөлбай ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин), Т.Молдо көчөсү (Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки), Токтогул көчөсү, Москва көчөсү, Ж.Бөкөнбаев көчөсү, Эркиндик бульвары (Түгөлбай ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин), Тыналиев көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү, Б.Бейшеналиева көчөсү, Шопоков көчөсү, А.Үсөнбаев көчөсү (Түгөлбай ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки), И.Раззаков көчөсү (Түгөлбай ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки), Н.Исанов көчөсү (темир жолдон Жибек Жолу проспектине чейин), К.Тыныстанов көчөсү, К.Акиев көчөсү, Т.Уметалиев көчөсү, Д.Садырбаев көчөсү, Чортеков көчөсү (Жайыл Баатыр көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки), Алыкулов көчөсү (Дэн Сяопин көчөсүнөн темир жолго чейинки), Ауэзов көчөсү, (Шабдан Баатыр проспектинен Токмок көчөсүнө чейин), Сүйөркулов көчөсү, Сүйүмбаев көчөсү (Москва көчөсүнөн Михаил Фрунзе көчөсүнө чейинки), Михаил Фрунзе көчөсү ("Аламедин" суусунан Жаш Гвардия бульварына чейинки), Нуркамал көчөсү, Айтиев көчөсү, Куттубаев көчөсү, Ю.Фучик көчөсү, Токтоналиев көчөсү;
Төмөнкү соода-рынок комплекстеринин жана базарларынын жээгинен өтүүчү көчөлөрдүн эки тарабындагы аймактарда:
"Дордой" базары (Элебесов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки "Айланып өтмө жолу", "Айланып өтмө жолунан" Эмгекчил көчөсүнө чейинки Ибраимов көчөсү, Ибраимов көчөсүнөн Дордой-Ибраимов-1 көчөсүнө чейинки Эмгекчил көчөсү, Эмгекчил көчөсүнөн Дордой-6 көчөсүнө чейинки Дордой-Ибраимов-1 көчөсү, Дордой-Ибраимов-1 көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки Дордой-6 көчөсү, Дордой-6 көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейинки Ибраимов көчөсү, Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки Аул көчөсү, Аул көчөсүнөн Курманалиев көчөсүнө чейинки Элебесов көчөсү, Элебесов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки Курманалиев көчөсү, Курманалиев көчөсүнөн "Айланып өтмө жолуна" чейинки Элебесов көчөсү);
"Аламүдүн базары" (Муса Жалил көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки Курманжан Датка көчөсү, Курманжан Датка көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейинки Жибек Жолу проспекти, Жибек Жолу проспектинен Муса Жалил көчөсүнө чейинки Буденный көчөсү, Буденный көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки Муса Жалил көчөсү),
"Кудайберген базары" (Садыгалиев көчөсүнөн Патриса Лумумба көчөсүнө чейинки Профсоюз көчөсү, Профсоюз көчөсүнөн Волкова көчөсүнө чейинки Патриса Лумумба көчөсү, Патриса Лумумба көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки Волкова көчөсү, Волкова көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки Садыгалиев көчөсү;
"Орто Сай базары" (Сүйөркулов көчөсүнөн Безымянная көчөсүнө чейинки Юнусалиев көчөсү, Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки Безымянная көчөсү, Безымянная көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки Жукеев-Пудовкин көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки Сүйөркулов көчөсү);
"Ош базары" (Чүй проспектинен Токтогул көчөсүнө чейинки Бейшеналиева көчөсү, Бейшеналиева көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейинки Токтогул көчөсү, Токтогул көчөсүнөн Павлов көчөсүнө чейинки Кулиев көчөсү, Кулиев көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки Павлов көчөсү, Кулиев көчөсүнөн Павлов көчөсүнө чейинки Киев көчөсү, Киев көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки Павлов көчөсү)белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган уруксат документтери бар болсо, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жеңилдетилген типтеги объекттерге жана башка объекттерге ушул токтомдун күчү таркатылбайт;
"Азиз базары" (Махатмы Ганди бульварынан Караван көчөсүнө чейинки Көкчөтоо көчөсү, Көкчөтоо көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө чейинки Караван көчөсү, Караван көчөсүнөн Махатмы Ганди бульварына чейинки Түлөбердиев көчөсү, Түлөбердиев көчөсүнөн Көкчөтсо көчөсүнө чейинки Махатмы Ганди бульвары);
белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган уруксат документтери бар болсо, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жеңилдетилген типтеги объекттерге жана башка объекттерге ушул токтомдун күчү таркатылбайт;
- ушул токтомдо көрсөтүлбөгөн башка көчөлөрдө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди жайгаштыруу, коюу, долбоорлоо жана куруу үчүн муниципалдык менчиктин жерлерин берүү жер участокторуна укуктарды белгиленген тартипте берүү боюнча комиссиянын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 13-мартындагы № 76, 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 95, 2022-жылдын 29-июнундагы № 37, 2023-жылдын 30-майындагы № 85 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын вице-мэри Бишкек шаарынын муниципалдык менчик маселелерин тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 202, 2022-жылдын 29-июнундагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| А.Суракматов |