КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 9-марты № 74-б
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2008-2012-жылдарга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн программасына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Кыргыз почтасы" жана "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканаларын акционердик коомдор кылып белгиленген тартипте кайра түзсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|